Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Григорьев айылында унаа жолду тосууну уюштурган 5 аялга акчалай айып салынды

Turmush -  Ысык-Көл районунда унаа жолду тосууну уюштурган жергиликтүү тургундарга айып салынды. Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 231-1 (жолду мыйзамсыз тосуу) беренеси менен административдик протоколдор түзүлгөн, деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы.

Буга чейин маалымдалгандай, 15-май күнү Ысык-Көл районунун Григорьев айылынын Фрунзе жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде айрым жергиликтүү тургундар тарабынан Балыкчы-Ананьев-Каракол автокаттамын жабууга аракет көрүлгөн. Райондук укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында көп узабай жол ачылган болчу.

«Аталган фактыны териштирүү учурунда автожолду жабууга аракет көрүшкөн уюштуруучулардын өздүгү аныкталды. Алар ушул эле айылдын тургундары — 48 жаштагы Р.К., 47 жаштагы М.А., 46 жаштагы К.Б., 43 жаштагы М.Д. жана М.С. (аял кишилер) экени такталып, Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен ар бирине 3 миң сомдон айып салынды», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Окуя тууралуу:

Ысык-Көл районунун Григорьев айылынын эли унаа жолду убактылуу тосууга мал уурдоо боюнча соттолгон адамдын баласы менен жергиликтүү балдардын ортосундагы чыр-чатак себеп болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 17-августунда Ысык-Көл районунун Темир айылынын 1959-жылы туулган тургуну А.Токтокан милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын музоосун уурдап кеткендигин билдирген. Өзүнүн арызында ал 2017-жылдын 10-майынан 11-майына караган түнү сарайындагы музоону уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык зыяндын суммасы 15 миң сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча 2017-жылдын 17-августунда Ысык-Көл РИИБдин тергөөчүсү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 3-пунктунун 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары ушул айылдын тургундары Э.А, Т. уулу Э., жана М.Ж. кармалышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө жабыр тартуучу А.Токтокан жана дагы бир нече айыл тургундары Ысык-Көл РИИБдин жетекчисине арыз менен кайрылышып, алар шектүүлөр менен сүйлөшүп, материалдык зыян калыбына келтирилгендигин айтышкан. Буга байланыштуу алар шектүүлөрдү жазалоону жумшартууну өтүнүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабыр тартуучунун арызына байланыштуу кээ бир эпизоддор боюнча кылмыш иши токтотулган.

Ысык-Көл райондук соту бул иш боюнча 2017-жылдын 16-ноябрында чечим чыгарып, Э.А., жана Т. уулу Э. аттуу шектүүлөрдү 6 жылга эркинен ажыраткан. Жабырлануучу тарапка материалдык зыян толугу менен төлөнүп берилген.

«Ушул жылдын 14-майында буга чейин соттолгон М.Ж.нын 1995-жылы туулган баласы менен анын курдаш айылдаштарынын ортосунда чыр чыгып, ал мушташууга айланган. 15-майда эртең менен М.Ж.нын уулу апасы менен милицияга келип, аны сабап салышкандыгын айтып, арыз жазган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү тургундар М.Ж.нын баласы арыз жазгандыгына нааразы болушкан. Ошондуктан алар жол тосушкан. Милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин тургундар жолду ачышып, кыймыл калыбына келтирилди», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Жергиликтүү тургундар унаа жолду болжол менен 20-25 мүнөт тосушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 963
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×