Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 27.05.2018 20:35

Жаш талант: Манастын айкелин жасаган К.Турдубеков келечекте белгилүү скульптор болгусу келет (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын 16 жаштагы тургуну Канат Турдубеков сүрөт тартып, айкел жасоо менен алектенет. Аймактык кабарчы жаш таланттын эмгектерин көрүп келди.

Канат 3 жыл мурун Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатында окуп баштаган. Ал бул убакыт аралыгында сүрөт тартууну жана айкел жасоонун ыкмаларын өздөштүрдү.

«Өзүм бала кезимден бери сүрөт тартам. 7-класста окуп жатканда ата-энемден жакшы сүрөт мектебин табууга жардам берүүнү сурандым. Жыйынтыгында ата-энем мени аталган мектепке алып келишти. Мектепке кирип жатканда сынактан ийгиликтүү өтүп, окуп баштадым. Алгач оор болуп, үйгө кетким келчү. Бирок бул жердеги балдар жакшы, алар менен тил табышып кеттим», - деди Канат.

Өзүнүн айтымында, окуу учурунда боёк менен сүрөт тартуунун, композициянын жана скульптуранын техникасын өздөштүрдү.

«Мага образ жаратуу, анын үстүнөн иштөө жагат. Мисалы, Айкөл Манастын образын жараткам. Аны жаратуудан мурун баатыр тууралуу адабияттардан окудум. Андан кийин 2 жумага жакын убакытта анын колунда жаа кармап турган айкелин жасадым. Мындан тышкары мугалимдеримдин жетекчилиги астында көптөгөн эмгектерди жараттым. 3 жылда өзүм үчүн жаңы эшиктерди ачтым», - деди ал.

Канат мектепти аяктагандан кийин Көркөм сүрөт академиясында окуп, өлкөдөгү белгилүү скульпторлордун арасынан орун тапкысы келет.

«Биздин мектепте өлкөдөгү эң мыкты скульпторлор билим алган. Алардын айрымдары Италия жана Европанын башка өлкөлөрүндө иштешет. Ошондой эле Кыргызстандагы, кошуна Казакстандагы ири долбоорлордун үстүнөн иштегендери да бар. Ошондуктан мен үлгү ала турган адамдар көп. Келечекке пландарым көп, аларды жакынкы жылдары ишке ашыргым келет», - деди жаш сүрөтчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×