Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 20.05.2018 10:14 Жаңыланды: 21.05.2018 13:15 На русском

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери бараткан унаа кырсыкка кабылып, 1 адам каза болду

Turmush -  18-майда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы унаа кырсыктан 1 жигит каза болуп, 2 жигит ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктан улам алган жаракаттарынан Түп районунун 1993-жылы туулган тургуну Н.Э. мерт кеткен. Калган экө Бишкектеги ооруканага жеткирилген.

Алар:

- 1992-жылы туулган Т.У. (мээси чайкалган);

- 1987-жылы туулган У.Р. (мээси чайкалып, ар кандай жаракаттарды алган).
Кырсыктан себептери такталып жатат.

Кийинчерээк Turmush басылмасына өздүк булактар маалымдашкандай, Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жол кырсыгына кабылган «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унааны милициянын кызматкери башкарып бара жаткан. Такталган маалыматтар боюнча, жол кырсык 18-майда болжол менен саат 14:35 чамасында Балыкчы—Ананьев — Каракол унаа жолунун 58-чакырымында катталган.

«Субару Форестер» унаасынын айдоочусу — 1987-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну милициянын кызматкери болуп саналат. Белгисиз себептерден улам рулду башкара албай, Чок-Тал айылындагы жолдун жээгинде жайгашкан электр трансформаторду сүзүп алган. Окуя болгон жерде жүргүнчү — Түп районунун Балбай айылынын 1993-жылы туулган тургуну Э.Н. каза болду. 1992-жылы туулган айдоочу У.Р. жана жүргүнчү Т.уулу У. дагы милициянын кызматкерлери болуп саналат. Алар Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×