Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Н.Молдакунов аталарынын жолун жолдоп, Орус, Жума, Темир аттуу алгырларды таптап жатат (видео)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Темир айылынын 29 жаштагы тургуну Нурлан Молдакунов 11 жылдан бери бүркүт таптап, мүнүшкөрлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Жума, Орус Темир аттуу бүркүттөрдү таптап жатат.

«Ата-бабамдын бардыгы бүркүт-куш тапташкан экен. Ортодон борбор калаага көчүп кетип, бул өнөр үзүлүп калган. Антсе да эмнегедир бала кезден мүнүшкөрлүккө аябай кызыга берчүмүн. Эс тартып калганымда, «өзүм бир бүркүт кармап таптасам» дегенде эки көзүм төрт эле. Кийин сыналгыдан салбурун оюндарын көрүп, баягы кызыгуум андан да күчөдү. Ошентип «бүркүттү уясынан кантип кармап келем, канткенде торго илинет?» деп жүргөндө Темир айылында (жердигим ушул айылдан болот) бир малчынын баласы бүркүттүн балапанын көтөрүп бара жатканын көрдүм. Андайды кое беремби, ал балага жабыштым да калдым. Ал дагы өзүнүкүн бербей, макул болбоду. «Анда 400 сом берем» дедим, дагы эле болбоду. Ошентип отуруп чөнтөгүмдө болгон 800 сом бар экен, ошону сунуштадым. Ал кезде 800 сом жакшы акча болчу. Ал 800 сомго макул болуп, мага бүркүттүн балапанын сатты.

Ошентип көктөн эңсегеним жерден табылып, баягы балапанды бапестеп бага баштадым. Күн сайын бүркүт-куш кармачу дегендердин барынан сураштырып, бүркүттү таптоо сырын үйрөнүп баштадым. Ал ортодо салбурун оюунуна катышып жүргөн бүркүтчүлөргө жолуктум. Алардан кеңеш алдым.

Азыркыдай ийгиликтерге жетиш үчүн 6-7 жыл талап кылынды. Албетте алгач табын туура эмес кылып, сала албай кыйналып жүрдүм. Бардыгы эле шыдыр болуп кеткен жок. Азыр ойлосом ал кезде мүнүшкөрлөр абдан эле аз экен.

Учурда жаңыдан мүнүшкөрлүктү баштап жаткандарга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени үйрөтүп, кеңешин бере турчулар көп. Мен болсо убагында жердин алыстыгына карабай, атагы чыккан мүнүшкөрлөргө барып, кеңешин алууга курсант болчумун. Биздин айылдагы Чыңгыз Дыйканов аттуу мүнүшкөр досумдан көптү үйрөндүм. Ал дагы канча бир жылдан бери бүркүт таптайт.

Бүркүт таптоо — ата-бабаларыбыздан келе жаткан өрнөктүү, байыркы өнөрлөрдүн бири. Ушул өнөрдү аркалап, аз да болсо, улуттун улут болуп калыптаныша салым кошуп келе жатканыма сыймыктанам. Кудайга шүгүр учурда куш-бүркүт таптаган мүнүшкөрлөрдөн учубуз кур эмес. Акыркы мезгилдерде абдан көбөйдүк.

Бизде салбурун мелдештер өткөрүлүп келе жатат. Ушул сыяктуу мелдештерге катышып, 1-2-3-орундарга илинип жүрөбүз. Салбурун оюндары азыр спортко кирди. Эрежелери да такталып жатат. Муну колдон келсе өнүктүрүп, өстүрүшүбүз керек. Ата-бабабыздан келе жаткан өрнөктүү өнөрдүн учун улашыбыз керек деп ойлойм», - деди ал.

Мүнүшкөрдүн 3 бүркүтүнүн экөө мергенчиликке, бирөө мелдештерге чыгып жүрөт.

«Азыр менде 3 бүркүт бар. Экөө мергенчиликке, бирөөнү салбурун оюндарына чыгарганы, туристтерге көргөзгөнү кармайм. Биринин атын айылымдын атынан Темир деп койгонбуз. Мунун да таржымалы кызыктуу. Ысык-Көл районунун Комсомол деген айылында Токтобек Айбашев деген киши кармаган бүркүт. Мен аны алайын десем минген атыма алмашам деди. Мен ичимден аябай эле кымбат сурап жатат го дедим. Бирок аябай назарым түшүп, ушунчалык ызыгуу менен алгым келген. Кийин уксам, биздин айылдан бир балдар ал бүркүттү 17 миң сомго сатып алышыптыр да аны жайында көл жээкте эс алгандар менен сүрөткө түшүп, акча табышыптыр. Алар көрсө студент балдар экен. Күзүндө шаарга кетерде бүркүттү таштап кетчү киши жок, айланып келип мага бекер эле тийип калды. Көрсө мага буйруган экен. Анын үстүнө аябай назарым түштү эле. Азыр ушул бүркүтүм сыны боюнча Кыргызстандагы эң мыкты бүркүттөрдүн бири болуп жатат. Дүйнөлүк кушчулар келгенде да «мыкты бүркүт» деген баасын берип жатышат.

Экинчи бүркүтүмдүн аты Орус. Бүркүттүн жашы өткөн сайын көздөрү өзгөрөт. Көздөрү орустардыкындай сары болгону үчүн Орус деп койгом. Үчүнчү бүркүтүмдүн аты Жума. Жума күнү молдокелер торго салып кармап алган экен. Ошондон улам аты Жума болуп калган.

Негизи бүркүт, ителгилер бир таптуу болот. Бир таптап койсоң ошону унутпайт. Куштар болсо бир таптоого кирбейт. Бир күнү башкача таптасаң бүттү, мурункусун унутат. Бүркүт 40 күндө тапталат. Тамактануусун табына жараша беребиз. Кээде ар күн сайын болсо, кээде 2-3 күндө бир жейт. Саларда, учурарда, оюндарга алып барарда ар кандай шартка жараша тамагы берилет», - деди ал.

Нурлан Молдакунов темирден боз үйлөрдү жасап, устачылык да кылат. Жубайы экөө 2 уул, 2 кызды тарбиялап жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1825
Көп окулду
×