Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулаган адам кармалып, 2000 метр тор алынды

Turmush -  Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары жана Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көлдөгү браконьерлерге каршы күрөшүү боюнча рейд өткөрүштү.

Аталган инспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү учурунда №32 тилкеде Ысык-Көл районунун Ананьев айылынын тургуну Ю.А. кайык жана 3 даана балыкка салына турган тор менен кармалган. Тескөөчүлөр тарабынан тиешелүү акты жана протоколдор түзүлүп, материалдар Ысык-Көл районунун сот органдарына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары жалпы узундугу 2000 метр 20 тор алынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 492
Көп окулду
×