Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 21.05.2018 13:23

Ысык-Көлдөгү «Музейдеги түн» иш-чарасында түрдүү мастер-класстар көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы «Көчмөндөр цивилизациясы» борборунда «Музейдеги түн» иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын катышуучуларына музейдин кызматкерлери кол өнөрчүлүк, кум менен сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарды өтүшүп, концерттик программа тартуулашты. Ошондой эле, викторина жана улуттук оюндар уюштурушуп, «Дарак ыры» тасмасын көрсөтүштү.

«Музейдеги түн» иш-чарасы фейерверк атуу менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×