Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.05.2018 10:38 Жаңыланды: 22.05.2018 18:03

Айыл турмушу: Энелер күнүндө 3 кызынан кийин уул төрөгөн 34 жаштагы Салтанат баатыр эне болсом дейт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын 34 жаштагы тургуну Салтанат Ракымбаева Энелер күнүндө 3 кызынан кийин уул төрөдү. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал баатыр эне болууну пландоодо.

«Улуу кызымды 2007-жылы төрөгөм, ал 4-классты аяктап жатат, экинчи кызым 2009-жылы, үчүнчү кызым 2016-жылы төрөлгөн. Кыргыздарда биринчи баласын уул күтүшөт эмеспи, биз дагы жолдошум экөөбүз уул күтүп жүргөнбүз, бирок кыздуу болдук. Ага дагы абдан кубандык. Биринчи бала баары бир ата-энени кубанычка бөлөйт экен. Андан кийин экинчи кызыбыз төрөлдү, ал эми үчүнчү кызым Хадижаны 7 жылдан кийин төрөдүм», - деди ал.

С.Ракымбаеванын уулдуу болуу кыялы 10 жылдан кийин ишке ашкан.

«Төртүнчү балам боюмда барда кош бойлуулук өзгөчө болду. Таксикоз болбой, өзүмдү жеңил сезип жүрдүм. Эненин жүрөгү баары бир сезимтал болот экен. Мен эркек бала төрөрүмдү сезип жүргөм. УЗИге барганда атайын жынысын сураган эмесмин. Мен сезгендей эле Энелер күнүндө Каракол шаарындагы төрөт үйүндө эркек төрөдүм», - дейт Салтанат.

Жубайлар уулу ыйык Рамазан айында төрөлгөндүктөн ага Рамазан деген ысым ыйгарышкан.

«Уулум Энелер күнүндө жана Рамазан айында жарык дүйнөгө келди. Балага жашоо тартуулоо ырахат, бирок аны тарбиялап, чоңойтуу ары түйшүктүү. Аларды тарбиялоодо энеде чоң жоопкерчилик жатат. Буга карабай баатыр эне болгум келет, биздин үйдө балдар көп болуп, балдардын күлкүсү жаңырып турса дейм. Кийин алардын баары өз жолдорун таап, үйлөнүп, турмушка чыгышкандан кийин баары бир үйгө чогулушса кандай бакыт болот», - дейт Салтанат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×