Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн милициясы көлдүн жээгинде жансыз денеси табылган кишинин өздүгүн аныктоого жардам сурайт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун милициясы көлдүн жээгинен табылган адамдын өздүгүн аныктоо аракетин көрүп жатат.

Милициядан маалымдашкандай, Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 20-майда болжол менен саат 07:40 чамасында Кызыл-Өрүк айылында көлдүн жээгинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Маалымат түшкөндөн кийин Ысык-Көл РИИБдин тергөө-оперативдүү тобу чыгышкан. Алар маркумдун денесин кароодо кыйнап өлтүрүү белгилери болбогонун аныкташкан.

Ал күрөң түстөгү футболка, кара түстөгү шым, ак майка, бутунда ката түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Өзгөчө белгилери: жаш курагы болжол менен 40-45 жашта, бою 165-170 см чамалуу.

Ысык-Көл районунун милициясы бул жаранды тааныгандар болсо РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирип коюуну же 03943 4-39-80, 102, 0500 50-11-65, 0709 39-39-23 номурлары аркылуу кабарлоону өтүнөт.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1289
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×