Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.05.2018 10:21

Ысык-Көлдө кар күрткүсү басып калган мал багуучу кашарга куткаруучулар жөнөп кетти

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында кашарды кар күрткүсү басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-май күнү Ысык-Көл облусунун аймагында кар жаап, Сары-Камыш айылындагы тоонун этегиндеги мал багуучу 1 кашарды кар күрткүсү басып калган.

«Саат 07:40та жерине ӨКМдин Ысык-Көл райондук №31 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, Тору-Айгыр айыл аймагынан 15 адам чыгып кеткен», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×