Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.05.2018 14:02 На русском

Ысык-Көлдөгү кыштоодо калың кардын кесепетинен 112 кой жана 1 уй өлдү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районундагы кыштоодо калың кардын кесепетинен 112 кой жана 1 уй өлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-май күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда кар калың жаагандыгына байланыштуу Сары-Камыш айылынын Эки-Чат кыштоосунда 5 чабандын баардыгы болуп 112 койу жана 1 уйу өлгөн.

Куткаруучулар жерине барып, кардын астынан өлгөн малдарды чыгарып, сарайларды кардан тазалашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×