Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.05.2018 18:57 На русском

Тамчыдагы калың кар: Катуу сууктан иттер тирүүлөй тоңуп калды (видео, фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тамчы айылынын жогорку аймагындагы жайлоодо калың кардын кесепетинен мал-жандыктар өлдү. Малчылар жайлоодогу абалдын сүрөтүн жана видеосун жөнөтүштү.

Алардын айтымдарында, сууктан иттер да өлүп калган. Малчылар жазында мындай табигый кубулуш биринчи жолу болуп жатканын белгилешти.

ӨКМдин маалыматына караганда, Тамчы айыл аймагынын Кайкы жайлоосунда 60 кой жана Ачык-Таш жайлоосунда 50 кой сууктан өлгөн. Ошондой эле Чырпыкты айылынан Чырпыкты жайлоосуна баруучу жол жабылып калган. Учурда жолду кардан тазалоо үчүн айыл аймактан техника тартуу маселеси каралууда.

Чырпыкты жайлоосунда 3 үй-бүлө отурукташкан. Алардын болжол менен 1500 башка жакын койу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×