Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

Ысык-Көл районунда калың кардын кесепетинен 1050дөн ашык мал-жандык өлдү

Turmush -  Ысык-Көл району боюнча калың кар алдында 1017 кой жана 47 ири мүйүздүү мал калды. Бул тууралуу райондун акими Данир Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, Тору-Айгыр айыл округунда болжол менен кардын алдында 37 уй, 9 жылкы, 370 кой калган. Тамчы айыл округунда 400 баш кой, 4 уй жана 5 жылкы калды. Чоң-Сары-Ой айыл округунда 244 баш кой, 2 кулун калган. Ошондой эле, шамал 3 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен.

«Жалпысынан калың кар алдында болжол менен 1017 кой, 42 уй жана 19 жылкы калган. Учурда өлгөн малдын саны такталууда. Биз ӨКМдин жардамы менен 3 үй-бүлөнү жайлоодон айылга алып келдик. Дагы бир үй-бүлө 600 баш койу менен жайлоодо калды, бирок жеринде атайын техника иштеп жатат. Малчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Буга чейин Тору-Айгыр айылында бир малчы жоголгондугу айтылып жаткан, бирок ал аман-эсен табылды», - деди аким.

Учурда тактоо иштери дагы жүрүп жатышат.

Буга чейин 24-май күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда кар калың жаагандыгына байланыштуу Сары-Камыш айылынын Эки-Чат кыштоосунда 5 чабандын баардыгы болуп 112 койу жана 1 уйу өлгөндүгү маалымдалган.

Ошондой эле, Ысык-Көл районунун Тамчы айылында сууктан иттер да өлүп калган. Малчылар жазында мындай табигый кубулуш биринчи жолу болуп жатканын белгилешти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1005
Көп окулду
×