Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ысык-Көл

Ысык-Көл облусунда калың кардан жалпы 370тен ашык мал-жандык өлдү, - ӨКМ

Turmush -  Ысык-Көл облусунда калың кардын кесепетинен жалпысынан 364 баш кой, 3 жылкы, 3 кулун, 1 уй жана 4 музоо өлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда калың кардан келтирилген чыгымдар такталып, жолдор тазаланууда.

Ак-Суу районунда 24-май күнү түнкү саат 03:00 чамаларында калың жааган кардын кесепетинен Жыргалаң айыл аймагынын Көк-Жайык жайлоосунда 5 баш кой, 1 баш музоо, 1 кулун, Кызыл-Кыя жайлоосунда 1 жылкы, 71 баш кой, 2 кулун, 2 музоо, Тасманын бели жайлоосунда 56 баш кой, 1 музоо өлгөн. Ошондой эле Ак-Чий айыл аймагынын Чымынды-Сай жайлоосунда 2 жылкы, 7 кой өлгөн. Бардыгы болуп 139 баш кой, 3 жылкы, 3 кулун жана 4 музоо өлгөн.

Ал эми Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылынын Эки-Чат жайлоосунда 112 баш кой, 1 уй, Тамчы айыл аймагынын Кайкы жайлоосунда 63 баш кой жана Ачык-Таш жайлоосунда 50 баш кой өлгөн.

Ошондой эле, Чырпыкты айылынын Чырпыкты жайлоосуна баруучу жол жабылып калган. Чырпыкты жайлоосунда 3 үй-бүлө болжолу менен 1500дөй койлору менен отурукташкан.

Андан сырткары, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой жана Тору-Айгыр айылдарынын жайлоолорунда жүздөн ашык кой, ондон ашык уй жана жылкылар өлгөн деген маалымат түшкөн. 25-май күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан берилген маалыматты жеринде тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт. Бардыгы болуп 225 баш кой, 1 уй өлгөн.

ӨКМдин Ысык-Көл райондук бөлүмүнүн башчысы, №31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана жергиликтүү тургундардан 15 адам жеринде тактоо иш-чаралары жүргүзүшкөн. Ошондой эле, куткаруучулар өлгөн малдарды кардын астынан алып чыгып, сарайларды кардан тазалап беришкен. Ал эми Чырпыкты жайлоосуна барчу жолду тазалоо иш-чаралары 25-май күнү жүргүзүлөт.

Ал эми Түп районунда 24-май күнү түнкү саат 03:00 чамаларында калың жааган кардын кесепетинен Түп-Кеген унаа жолунун 46-78-чакырымдарында (Чаркудук тилкеси) кар калың жаагандыгына байланыштуу унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

№4 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, саат 13:40та унаа жол толук тазаланып ачылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

24.05.2018Фото — Ысык-Көл облусунун чыгышына калың кар жаады
24.05.2018Түптө калың кардан кийин малчылардын абалын билүүгө атайын топ жөнөп кетти (фото)
24.05.2018Ысык-Көлдөгү кыштоодо калың кардын кесепетинен 112 кой жана 1 уй өлдү (фото)
24.05.2018Тамчыдагы калың кар: Катуу сууктан иттер тирүүлөй тоңуп калды (видео, фото)
25.05.2018Ысык-Көл районунда калың кардын кесепетинен 1050дөн ашык мал-жандык өлдү
25.05.2018Ат-Башыда калың кардын кесепетинен өлгөн мал-жандыктардын сүрөттөрү
25.05.2018Нарында калың кардан дайынсыз жоголгон 800 баш кой-эчкинин 200ү табылып, калганы изделүүдө (фото)
25.05.2018Ак-Суу районунда калың кардан 150дөй баш мал-жандык өлдү
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1291
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×