Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

Ысык-Көл облусу калың кардан болжол менен 17,7 млн сомдук зыян тартты

Turmush -  Ысык-Көл облусунда алдын ала маалымат боюнча калың жааган кардын кесепетинен 36 жылкы, 4 кулун, 45 уй, 4 музоо жана 2446 баш кой өлгөн. Жалпы материалдык чыгым алдын ала боюнча 17 млн 746 миң 213 сом болууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Тоң районунда 24-май күнү саат 03:00 чамаларында калың жааган кардын кесепетинен Тоң айыл аймагынын Коргонду-Булак айылынын Саз тилкесинде 137 кой, Төрт-Гүл айыл аймагынын Темир-Канат айылынын Чоң-Таш, Ак-Таш, Чоң-Кайкы, Абыл-Аке тилкелеринде 7 уй, 103 баш кой, 1 жылкы өлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, 1 жылкы, 7 уй, 240 баш кой өлгөн.

Тоң райондук ЖК комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, акт түзүшкөн. Жалпы район боюнча материалдык чыгым алдын ала 1 387 013сом деп эсептелген.

Ак-Суу районунда Жыргалаң айыл аймагынын Көк-Жайык жайлоосунда 1 кулун, 1 музоо, 5 кой, Кереге-Таш айыл аймагынын Кызыл-Кыя жайлоосунда 1 жылкы, 2 кулун, 2 музоо, 71 кой, Ак-Чий айыл аймагынын Тасманын-Бели жана Ак-Сай жайлоолорунда 1 кулун, 1 музоо, 56 кой, Челпек айыл аймагынын Чымынды-Сай жайлоосунда 2 жылкы, Каракол айыл аймагынын Чымынды-Сай жайлоосунда 7 кой өлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, 3 жылкы, 4 кулун, 4 музоо, 139 баш кой өлгөн.

Жеринде Ак-Суу райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, акт түзүшкөн. Жалпы район боюнча материалдык чыгым алдын ала 1 067 000 сом деп эсептелген.

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагынан 20 жылкы, 33 уй, 282 кой, Тамчы айыл аймагынан 4 жылкы, 4 уй, 1200 кой, Чоң-Сары-Ой айыл аймагынан 8 жылкы, 1 уй, 379 кой, Кара-Ой айыл аймагынан 147 кой өлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, 32 жылкы, 38 уй, 2008 кой өлгөн. Ошондой эле Тамчы айыл аймагынын Чырпыкты айылынан Чырпыкты жайлоосуна баруучу жол жабылып калган. Жалпы район боюнча материалдык чыгым алдын ала 15 269 000сом деп эсептелди.

Түп районунда калың жааган кардын кесепетинен Сан-Таш айыл аймагынын Каркыра жайлоосунда 59 баш кой өлгөн. Түп райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, акт түзүшкөн. Жалпы район боюнча материалдык чыгым алдын ала 230 200сом деп эсептелген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

24.05.2018Ысык-Көлдөгү кыштоодо калың кардын кесепетинен 112 кой жана 1 уй өлдү (фото)
24.05.2018Тамчыдагы калың кар: Катуу сууктан иттер тирүүлөй тоңуп калды (видео, фото)
25.05.2018Ысык-Көл районунда калың кардын кесепетинен 1050дөн ашык мал-жандык өлдү
25.05.2018Ат-Башыда калың кардын кесепетинен өлгөн мал-жандыктардын сүрөттөрү
25.05.2018Нарында калың кардан дайынсыз жоголгон 800 баш кой-эчкинин 200ү табылып, калганы изделүүдө (фото)
25.05.2018Ак-Суу районунда калың кардан 150дөй баш мал-жандык өлдү
25.05.2018Ысык-Көл облусунда калың кардан жалпы 370тен ашык мал-жандык өлдү, - ӨКМ
25.05.2018700дөй мал-жандык менен калың карда калган малчы окуя тууралуу айтып берди (фото, видео)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 470
Көп окулду
×