Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн Булан-Соготту айылына түрк боордоштор жаңы мечит курушту (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Булан-Соготту айылында Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги тарабынан курулган мечиттин ачылышы болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мечитти салуу боюнча келишимге 2015-жылы Стамбул шаарында Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев менен аталган биримдиктин генералдык катчысы Фахри Солак кол коюшкан.

Булан-Соготту айылынан бөлүнүп берилген жерге жарым жыл аралыгында уникалдуу мечит курулуп, эки элдин расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылды.

Фахри Солак өз сөзүндө мечиттин ачылышы бир тууган элдердин достугун чыңдоого өбөлгө болоорун айтып, алдыда да достук, кызматташтык күчөй турганын баса белгиледи.

Мечитти курууга 300 миң доллар сарпталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 880
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×