Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.06.2018 11:05 Жаңыланды: 03.06.2018 12:11 На русском

Дүйнөлүк сынакты жеңип келген Сания Шакирова көз жумду. Жол кырсык болгон жерден сүрөттөр

Turmush -  Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык болду. Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, окуя кечээ, 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында катталган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, «Дэу Нексия» унаасы башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Ш.С. (аял киши) оор жаракаттын кесепетинен көз жумду. Унаанын ичинен жүргүнчү — 1980-жылы туулган А.Р. жана айдоочу — 1987-жылы туулган К.Ч. оор абалда чыгарылып, аймактык ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери менен куткаруучулар барышкан. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Кийинчерээк такталган маалыматтар боюнча, бул кырсыктан көз жумган жүргүнчү — «Miss Universe Beauty» (турмуш курган эң сулуу келиндерди аныктоочу дүйнөлүк сынак) эл аралык сулуулар сынагында жеңүүчү аталган Сания Шакирова.

Учурда анын жакындары өзү туулган Жайылдагы Степное айылында акыркы сапарга узатууга даярдык көрүп жатышат. Азырынча дене Ысык-Көлдө эксперттердин текшерүүсүндө.


---------------------------------------------------------------------------------------

Сания Шакированын жеңишинен кийин аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен болчу. Өзү 13 жана 10 жаштагы кыздары, 8 жаштагы уулу бар экенин, аларды жалгыз тарбиялап жатканын айткан. Ал 10 жыл Москва шаарында сулуулук салондо иштеп, Ольга Бузова, Ксения Бородина сыяктуу белгилүү адамдарга кызмат көрсөткөн.

«Мектепти аяктагандан кийин юрист адистиги боюнча билим алдым. Бирок сулуулук тармагында иштеп калдым. Көп убакыт бою Россияда иштеп, шоу-бизнестеги белгилүү кардарларды тейледим. Андан кийин мекениме кайтып келип, сулуулук тармагында өз ишимди баштоону чечтим.

Сулуулар сынагына кокусунан катышып калдым. Сынакка алып баруучусу Ассоль Молдокматова катышууну сунуштаган. Экөөбүз Парижде Пьер Карден жана Владислав Зайцевдин мааракесинде жолукканбыз. Ассоль катталууга жардам берип, "Дүйнө сулуусу-2018" наамына ат салышып калдым. Эл аралык сулуулар сынагы Вьетнамдын Нячанг шаарында 28-мартта башталып, 4-апрелде жыйынтыкталды», - деген ал.

Сания Шакирова сынакка катышууда кандай кыйынчылыктар болгонун айтып берген болчу.

«Сынакка катышуу үчүн арыктоо керек эле. Салмагым 56 кг болчу. Талапка жана боюмдун узундугуна ылайык 3 килограммга арыктадым. Салмак таштоо үчүн болгону 1 гана жума убакыт бар болчу. Вьетнамда 10 күн жүрсөм, анын тогуз күнү даярдануу менен өттү. Чындыгында берилген тапшырмалар абдан көп болду. Ар бир кыз сулуу аталууга татыктуу эле. Мен калыстарды кыргыздын улуттук кийими менен таң калтырдым деп ойлойм. Сынактын жыйынтыгы менен модель катары иштөөгө келишим сунуштап, ошондой эле "Мерседес Бенц" унаасын, 5 миң долларлык сертификат жана Венецияга эс алууга жолдомо беришти. 20-июлда Италияга эс алууга жөнөп кетем. Ошондой эле менде жеңүүчүнүн 3 килограммдык таажысы калды», - деген С.Шакирова.

Үч баланын апасы келечекте Бишкек шаарында эки кабаттуу үй курууну кыялданчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×