Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.06.2018 14:27 На русском

31 жашында көз жумган Сания Шакирова жол кырсыкка чейин турмушка чыгуу сунушун алган

Turmush -  Ысык-Көлдөгү жол кырсыктын кесепетинен 31 жашында көз жумган Сания Шакирова жакындарына жакшы жаңылыгын бөлүшүп, турмушка чыгуу сунушун алганын айткан. Маркумдун жакын курбуларынын бири Ассоль Молдокматованын айтымында, анын жигити колун сурап, 101 роза гүлүн бергенине аз эле күн болгон.

«Курбум Сания Ысык-Көлгө жигити менен кеткен эле. Жигити Ысык-Көлдөн курбумдун колун сурап, турмуш курууга макулдугун алып, 101 роза гүлүн белекке бериптир. Ал (Сания Шакирова) абдан бактылуу экенин мага телефон аркылуу 1-июнь күнү билдирген. Мен чет өлкөдөн түнү учуп келип, эртең менен ушундай жаман кабар уктум», - деди А.Молдокматова.

3 адам бара жаткан унаа кечээ, 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында тосмону сүзүп, андан кийин оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Ш.С. (аял киши) оор жаракаттын кесепетинен көз жумду. Унаанын ичинен жүргүнчү — 1980-жылы туулган А.Р. жана айдоочу — 1987-жылы туулган К.Ч. оор абалда чыгарылып, аймактык ооруканага жеткирилгени маалымдалган.

Айрым маалыматтар боюнча, кечээ кечинде С.Шакирова Бишкек шаарына кайтып келе жаткан. Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсык Чок-Тал айылына кире бериштеги бурулушта — мусулмандардын көрүстөнүнүн жанында болгон. Унаа башкаруусун жоготуп, пескоблоктон курулган тосмого урунгандан кийин 10 метрдей сүйрөлүп, андан кийин оодарылып кеткен деп болжолдонуп жатат. Ал эми С.Шакирова отургучтардын ортосунда кыпчылып калган.

Маркум өзү туулган Жайылдагы Степное айылында акыркы сапарга узатылат.
---------------------------------------------------------------------------------------

Сания Шакированын жеңишинен кийин аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен болчу. Өзү 13 жана 10 жаштагы кыздары, 8 жаштагы уулу бар экенин, аларды жалгыз тарбиялап жатканын айткан. Ал 10 жыл Москва шаарында сулуулук салондо иштеп, Ольга Бузова, Ксения Бородина сыяктуу белгилүү адамдарга кызмат көрсөткөн.

«Мектепти аяктагандан кийин юрист адистиги боюнча билим алдым. Бирок сулуулук тармагында иштеп калдым. Көп убакыт бою Россияда иштеп, шоу-бизнестеги белгилүү кардарларды тейледим. Андан кийин мекениме кайтып келип, сулуулук тармагында өз ишимди баштоону чечтим.

Сулуулар сынагына кокусунан катышып калдым. Сынакка алып баруучусу Ассоль Молдокматова катышууну сунуштаган. Экөөбүз Парижде Пьер Карден жана Владислав Зайцевдин мааракесинде жолукканбыз. Ассоль катталууга жардам берип, "Дүйнө сулуусу-2018" наамына ат салышып калдым. Эл аралык сулуулар сынагы Вьетнамдын Нячанг шаарында 28-мартта башталып, 4-апрелде жыйынтыкталды», - деген ал.

Сания Шакирова сынакка катышууда кандай кыйынчылыктар болгонун айтып берген болчу.

«Сынакка катышуу үчүн арыктоо керек эле. Салмагым 56 кг болчу. Талапка жана боюмдун узундугуна ылайык 3 килограммга арыктадым. Салмак таштоо үчүн болгону 1 гана жума убакыт бар болчу. Вьетнамда 10 күн жүрсөм, анын тогуз күнү даярдануу менен өттү. Чындыгында берилген тапшырмалар абдан көп болду. Ар бир кыз сулуу аталууга татыктуу эле. Мен калыстарды кыргыздын улуттук кийими менен таң калтырдым деп ойлойм. Сынактын жыйынтыгы менен модель катары иштөөгө келишим сунуштап, ошондой эле "Мерседес Бенц" унаасын, 5 миң долларлык сертификат жана Венецияга эс алууга жолдомо беришти. 20-июлда Италияга эс алууга жөнөп кетем. Ошондой эле менде жеңүүчүнүн 3 килограммдык таажысы калды», - деген С.Шакирова.

Үч баланын апасы келечекте Бишкек шаарында эки кабаттуу үй курууну кыялданчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×