Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

Караколдо 6 жаштагы баланы унаа тебелеп кетти

Turmush -  Каракол шаарында «Субару Форестер» үлгүсүндөгү унаа 6 жаштагы баланы сүзүп кетти. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, жабырлануучу оор жаракат алып, көп узабай көз жумган. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Кечээ, 2-июнда саат 19:00 чамасында аталган унаа 1985-жылы туулган айдоочунун (Ж.Н., эркек киши) башкаруусунда Каракол шаарынын Жусаев көчөсү менен бара жаткан. Унаа Жусаев менен Коенкозов көчөсүнүн кесилишине жеткенде 6 жаштагы Усман чуркап чыгып, унаанын алдында калган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иштери башталды. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1121
Көп окулду
×