Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.06.2018 15:12 На русском

«Досум экөөбүз унаабызды алмашканбыз»: Сания Шакирова каза болгон жол кырсыктын жаңы жагдайлары (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдө адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Тастыкталган маалыматтар боюнча, ал унааны Бишкек шаарынын 1987-жылы туулган К.Ч. аттуу тургуну башкарып бара жаткан. Анын жанында жүргүнчүлөр — Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунун 1980-жылы туулган тургуну С.Р. (эркек киши) жана 1987-жылы туулган кара-балталык С.Ш. [Сания Шакирова] болгон.

Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган. Балыкчы—Каракол унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын кире беришинде «Равон Нексия Р3» башкаруусун жоготуп, көрүстөндүн пескоблоктон жасалган тосмосуна урунган. Андан соң автоунаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен С.Шакирова катуу жаракат алып, окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми жүргүнчү Р.С.Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилген. Ага медициналык кароо жүргүзүлүп, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ал эми автоунаанын айдоочу К.Ч. жолдон унаалардын бирин тосуп, Бишкек тарапты көздөй кеткен.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Бүгүн, 4-июнда Кара-Балта шаарында Сания Шакированы жерге берүү зыйнаты өттү. Ага маркумдун жакындары, туугандары, айылдаштары, достору жана теле алып баруучу Ассоль Молдокматова катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сания Шакирова 12-июнда 31 жашка толмок. Ал апасынын жеринде — Жайыл районунун Ийри-Суу айылында жерге берилди.

Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, окуя 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында катталган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, жеңил унаа башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен.

Кийинчерээк такталган маалыматтар боюнча, бул кырсыктан көз жумган жүргүнчү — «Miss Universe Beauty» (турмуш курган эң сулуу келиндерди аныктоочу дүйнөлүк сынак) эл аралык сулуулар сынагында жеңүүчү аталган Сания Шакирова.

---------------------------------------------------------------------------------------

Сания Шакированын жеңишинен кийин аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен болчу. Өзү 13 жана 10 жаштагы кыздары, 8 жаштагы уулу бар экенин, аларды жалгыз тарбиялап жатканын айткан. Ал 10 жыл Москва шаарында сулуулук салондо иштеп, Ольга Бузова, Ксения Бородина сыяктуу белгилүү адамдарга кызмат көрсөткөн.

«Мектепти аяктагандан кийин юрист адистиги боюнча билим алдым. Бирок сулуулук тармагында иштеп калдым. Көп убакыт бою Россияда иштеп, шоу-бизнестеги белгилүү кардарларды тейледим. Андан кийин мекениме кайтып келип, сулуулук тармагында өз ишимди баштоону чечтим.

Сулуулар сынагына кокусунан катышып калдым. Сынакка алып баруучусу Ассоль Молдокматова катышууну сунуштаган. Экөөбүз Парижде Пьер Карден жана Владислав Зайцевдин мааракесинде жолукканбыз. Ассоль катталууга жардам берип, "Дүйнө сулуусу-2018" наамына ат салышып калдым. Эл аралык сулуулар сынагы Вьетнамдын Нячанг шаарында 28-мартта башталып, 4-апрелде жыйынтыкталды», - деген ал.

Сания Шакирова сынакка катышууда кандай кыйынчылыктар болгонун айтып берген болчу.

«Сынакка катышуу үчүн арыктоо керек эле. Салмагым 56 кг болчу. Талапка жана боюмдун узундугуна ылайык 3 килограммга арыктадым. Салмак таштоо үчүн болгону 1 гана жума убакыт бар болчу. Вьетнамда 10 күн жүрсөм, анын тогуз күнү даярдануу менен өттү. Чындыгында берилген тапшырмалар абдан көп болду. Ар бир кыз сулуу аталууга татыктуу эле. Мен калыстарды кыргыздын улуттук кийими менен таң калтырдым деп ойлойм. Сынактын жыйынтыгы менен модель катары иштөөгө келишим сунуштап, ошондой эле "Мерседес Бенц" унаасын, 5 миң долларлык сертификат жана Венецияга эс алууга жолдомо беришти. 20-июлда Италияга эс алууга жөнөп кетем. Ошондой эле менде жеңүүчүнүн 3 килограммдык таажысы калды», - деген С.Шакирова.

Үч баланын апасы келечекте Бишкек шаарында эки кабаттуу үй курууну кыялданчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×