Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ысык-Көл

Сания Шакированын өлүмү: Унааны досу эмес, жигити башкарып баратканбы?

Turmush -  Мындан 2 ай мурун дүйнөлүк сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болгон Сания Шакированын өлүмүнө себепкер «Равон Нексия Р3» унаасын анын жигити башкарып жүргөн. Окуядан кийин өз алдынча Бишкекке жетип, ооруканага кайрылганы айтылып жаткан шектүү айдоочу милиция кызматкери экенин коомдук ишмер, маркумдун жакын курбуларынын бири Ассоль Молдокматова социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жарыялады.

Ал укук коргоо органдарынан бул фактыны катуу көзөмөлгө алууну суранат.

«Ал (С.Шакированын жигити) унааны мас абалда башкарып чыккан. 3 баланы энесинен ажыратты. Бишкекке өз алдынча жетип, жада калса Санияны акыркы сапарга узатууга катышкан жок. Жүрөгүм сезип жатат, биз баардык чындыкты билбейбиз. Тергөөдөн бул фактыны катуу көзөмөлгө алууну суранам. Жаман ойлогум келбейт, бирок суроолор көп. Эмне үчүн унаа талкаланган, анда болсо эч кандай жаракат жок?! Ал — милиция кызматкери. Бул аны коргоп калабы? Ал аялы жана 3 баласы бар туруп Санияны ажырашканын айтып алдаган. Турмушка чыгууга кантип сунуш кылды?!», - деп жазган А.Молдокматова.

Айрым маалыматтар боюнча, унаадагы үчүнчү жүргүнчү (эркек киши) айдоочунун досу болгон.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, талкаланган унааны ИИМдин Адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысынын уулу башкарып бара жаткан. Айдоочунун атасы — милициянын полковниги, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринен талапкер болуп каталган.

Ал эми, унааны башкарып жүргөн 31 жаштагы К.Ч. ИИМдин атайын мектебинин курсанты болуп, кийин Адистештирилген күзөт кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн биринде эмгектенген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакунов айдоочу учурда милиция кызматкери эмес, деп билдирди. Анын айтымында, көрсөтмө берген учурда айдоочу убактылуу эч жерде иштебей турганын айткан.

«Айдоочу — 1987-жылы туулган К.Ч. милиция кызматкери деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Биз бул маалыматтарды дагы бир ирет текшерип чыктык. Айдоочу милиция кызматкери эмес», - деди С.Усубакунов.

Кырсыктан кийин А.Молдокматова: «Курбум Сания Ысык-Көлгө жигити менен кеткен эле. Жигити Ысык-Көлдөн курбумдун колун сурап, турмуш курууга макулдугун алып, 101 роза гүлүн белекке бериптир. Ал (Сания Шакирова) абдан бактылуу экенин мага телефон аркылуу 1-июнь күнү билдирген. Мен чет өлкөдөн түнү учуп келип, эртең менен ушундай жаман кабар уктум», - деп билдирген болчу.
Буга чейин унаада 3 адам болгону, С.Шакирова менен жигити жүргүнчү катары бара жатканы маалымдалган эле.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы «Равон Нексия Р3» унаасынын айдоочусун ооруканада жаткан жеринен 2 айга камакка алуу чечими кечээ, 7-июнда Ысык-Көл райондук сотунун көчмө жыйынында кабыл алынганын билдирген.

Учурда адам өлүмүнө себепкер болгон унаанын айдоочусу — Бишкек шаарынын 1987-жылы туулган тургуну К.Ч. борбордогу ооруканалардын биринде жатат. С.Усубакуновдун айтымында, дарыгерлер шектүү айдоочунун акырегине операция жасоого даярдап жатышат. Ага атайын күзөт коюлду. Ал эми дарыгерлер шектүүнү операциядан бир нече күндөн кийин абакка которууга боло турганын айтышкан.

Буга чейин Сания Шакированын өлүмүнө себепкер болгон унааны мас абалдагы айдоочу башкарып бара жатканын Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган эле.

Окуя 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында болгон.

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган. Балыкчы—Каракол унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын кире беришинде «Равон Нексия Р3» башкаруусун жоготуп, көрүстөндүн пескоблоктон жасалган тосмосуна урунган. Андан соң автоунаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен С.Шакирова катуу жаракат алып, окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ал эми автоунаанын айдоочу К.Ч. жолдон унаалардын бирин тосуп, Бишкек тарапты көздөй кеткен.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

4-июнда Кара-Балта шаарында Сания Шакированы жерге берүү зыйнаты өттү. Ал 12-июнда 31 жашка толмок. Ал апасынын жеринде — Жайыл районунун Ийри-Суу айылында жерге берилди.

---------------------------------------------------------------------------------------

Сания Шакированын 2018-жылдын апрель айында өткөн дүйнөлүк сынактагы жеңишинен кийин аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен болчу. Өзү 13 жана 10 жаштагы кыздары, 8 жаштагы уулу бар экенин, аларды жалгыз тарбиялап жатканын айткан. Ал 10 жыл Москва шаарында сулуулук салондо иштеп, Ольга Бузова, Ксения Бородина сыяктуу белгилүү адамдарга кызмат көрсөткөн.

«Мектепти аяктагандан кийин юрист адистиги боюнча билим алдым. Бирок сулуулук тармагында иштеп калдым. Көп убакыт бою Россияда иштеп, шоу-бизнестеги атактууларды тейледим. Андан кийин мекениме кайтып келип, сулуулук тармагында өз ишимди баштоону чечтим.

Сулуулар сынагына кокусунан катышып калдым. Сынакка алып баруучусу Ассоль Молдокматова катышууну сунуштаган. Экөөбүз Парижде Пьер Карден жана Владислав Зайцевдин мааракесинде жолукканбыз. Ассоль катталууга жардам берип, "Дүйнө сулуусу-2018" наамына ат салышып калдым. Эл аралык сулуулар сынагы Вьетнамдын Нячанг шаарында 28-мартта башталып, 4-апрелде жыйынтыкталды», - деген ал.

Сания Шакирова сынакка катышууда кандай кыйынчылыктар болгонун айтып берген болчу.

«Сынакка катышуу үчүн арыктоо керек эле. Салмагым 56 кг болчу. Талапка жана боюмдун узундугуна ылайык 3 килограммга арыктадым. Салмак таштоо үчүн болгону 1 гана жума убакыт бар болчу. Вьетнамда 10 күн жүрсөм, анын тогуз күнү даярдануу менен өттү. Чындыгында берилген тапшырмалар абдан көп болду. Ар бир кыз сулуу аталууга татыктуу эле. Мен калыстарды кыргыздын улуттук кийими менен таң калтырдым деп ойлойм. Сынактын жыйынтыгы менен модель катары иштөөгө келишим сунуштап, ошондой эле "Мерседес Бенц" унаасын, 5 миң долларлык сертификат жана Венецияга эс алууга жолдомо беришти. 20-июлда Италияга эс алууга жөнөп кетем. Ошондой эле менде жеңүүчүнүн 3 килограммдык таажысы калды», - деген С.Шакирова.

Үч баланын апасы келечекте Бишкек шаарында эки кабаттуу үй курууну кыялданчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 26969
Көп окулду
×