Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.06.2018 09:49

Ысык-Көлдүн Жаркынбаев айылына 2,3 млн сомго кичи футболдук аянтча курулду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында кичи футболдук аянтчанын ачылыш аземи болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчсы.

Футбол аянтчанын курулушуна жалпы 2 млн 300 миң сом жумшалды. Анын ичинен 400 миң сому Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан жана 1 млн 900 миң сому дем берүүнү гранттын эсебинен каржыланды.

Ачылыш аземге райондун акими Данир Иманалиев жана айыл тургундары катышты.

Заманбап футболдук аянтчага айылдагы орто мектепте 60 жыл дене тарбия мугалими болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан Жекшемби Мамыткановдун ысымы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×