Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 31.07.2018 17:55 На русском

Ысык-Көлгө эс алууга барган 50 жаштагы киши улгайган аялды зордуктоого шектелүүдө

Turmush -  Ысык-Көл районунда улгайган аялды зордуктоого шектүү киши кармалды.

Жеке булактардын маалыматына караганда, 10 күн мурун Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 50 жаштагы тургуну Ысык-Көл районунун Тамчы айылына эс алууга келип, жеке секторго жайгашкан. Ал бөлмөдө 83 жаштагы аял менен спирт ичимдиктерин ичип отурган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин кемпирдин келини бөлмөгө кирип, кийими чечилген киши кайын энесинин үстүндө жатканын көргөн. Үйдүн жашоочусу милицияга арыз менен кайрылгандан кийин ал киши милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Белгилүү болгондой, кармалган жарандын үй-бүлөсү жана беш баласы бар. Шектүүнүн айтымында, ал Сокулук районунда курулуш тармагында иштечү, ошол жерден Сапар [ысымы өзгөртүлдү] аттуу жигит менен таанышкан. Алар Тамчы айылындагы Сапардын таенесинин үйүнө барып эс алууну чечишкен. Алар жолдон нан жана бир нече бөтөлкө арак алышкан.

Кармалган жаран билдиргендей, ошол убакта аны сабап салышкан. Аны улгайган аялды зордуктаган деп айыптап жатышат. Бирок бул фактыны ал четке кагып, мындай ишке барбай турганын билдирген.

Камакка алынган шектүү жаран акыркы 6 айдан бери Сокулук районунун аймагында иштеп келген. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат. Соттук-медициналык экспертиза да дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×