Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.09.2018 12:22

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көл ордодо күйөө баштык сатуу жөрөлгөсүн көрсөтүп жатышат (видео, сүрөт)

Turmush -  Кырчын жайлоосундагы Ысык-Көл ордосунда Жети-Өгүз районунун маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан күйөө баштык сатуу жөрөлгөсү көрсөтүлүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жыпара Туйбаеванын айтымында, күйөө баштык 2 бодо малга бааланууда. Жөрөлгөнү көрсөтүп жаткандар эки топко —жеңелер жана жигиттер болуп бөлүнүштү. Жеңелер күйөө баланы көрсөтүп, баштыкты сатыкка чыгарса, жигиттер ырдап, анын баасын түшүрүп алышты.

Андан соң Түп районунун тургундары баланы бешикке салууну көрсөтүшсө, эртең тоңдуктар кыз узатуу жөрөлгөсүн көрсөтүшөт. Каада-салттарды көрсөтүү иш-чарасы кечки саат 19:00гө чейин улананат. Учурда чет элдик коноктор да иш-чараны кызыгуу менен көрүп жатышат.

Ысык-Көл облусу Кырчын жайлоосуна жалпы 134 боз үй тикти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×