Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.09.2018 15:00 Жаңыланды: 03.09.2018 18:31

Сүмөлөк жана 10 кг нандар: Кырчындагы Ош облусунун ордосуна саякат (сүрөт)

Turmush -  Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ош облусунан келген жамаат сүмөлөк бышырышты. Ошондой эле 10 кг салмактагы «Мекеним Кыргызстан», «III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну», «Кара-Кулжа — президенттин айылы», «Ош облусу», «Ысык-Көл-2018» аталышындагы нандарды бышырып келишкен.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу: «Ош облусунан каттоо менен 550 адам келдик. Өз алдынча келгендерди кошкондо миңден ашуун адам келди. Биздин облус башка облустардан обочолонуп, 1 метр бийиктикте турган "Хан ордо" боз үйүн тиктик. Жобого ылайык Ош облусунун дарбазасы коюлуп, 21 боз үй тигилди. Райондордун аймагындагы усталар, уз-чеберлер, мергенчилер өз эмгектерин алып келишкен. 2-сентябрь күнү сүмөлөк жасалып, бүгүн конокторго таратылып жатат», - деди.

Кара-Кулжа райондук ооруканасынын медайымы Сонун Суранбаеванын айтымында, 100 литрдик казанга 10 кг салмактагы нандарды бышырып келишкен.

«Мен бийиктиги 1 метр, салмагы 10 кг болгон нандарды жасап келдим. Көчмөндөр оюндары жакшы башталды. Мамлекет башчы биздин айылдан чыккан. Атайын «Кара-Кулжа — президенттин айылы» деп аталган нандарды жасап келдим», - деди С.Суранбаева.

Ал эми 3 миң жылдык тарыхы бар Ош шаарынын ордосунда 21 боз үй тигилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×