Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.09.2018 17:11

Көчмөндөр оюндары: Кыргыздардын XIX кылымдагы жашоосун чагылдырган Жалал-Абад ордосу (сүрөт, видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосундагы Жалал-Абад облусунун ордосуна 18 боз үй тигилди. Бул тууралуу Кара-Көл шаарынын вице-мэри Гүлмира Сатарова билдирди.

Анын айтымында, 12 район, шаарлар жана ири мекемелер бирден боз үй тигишкен.

«Кара-Көл шаарынан эки боз үй тигилип, 30 аксакал жана 34 мекеме-ишканалардын, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Учурда Жалал-Абад облусунун ордосунда театралдаштырылган оюн-зоок башталганы жатат», - деди Г.Сатарова.

Жалал-Абад облусунун ордосунда кыргыз элинин 19-кылымдардагы жашоосу чагылдырылып, жасалгаланганын өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова билдирди.

Анын айтымында, ордого Жалал-Абад облусунун байрагын илишкен.

«Биз башка облустардан өзгөчөлөнтүп, кыргыз элинин 18-19-кылымдардагы жашоосун чагылдырдык. Ошондой эле Саймалуу-Таш Жалал-Абад облусуна карагандыктан аны кездемеге түшүрүп, жасалгаладык. Облусубуздун жана Көчмөндөр оюндарынын желегин ордого илдик. Ал эми биздин ордого жалпы 18 боз үй тигилип, 700гө жакын адам келди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×