Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.09.2018 11:36

Бир суткада Кырчын жайлоосундагы мобилдүү клиникага 91 адам кайрылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 3-сентябрда Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосундагы мобилдүү клиникага 91 адам кайрылып, медициналык жардам алды. Бул тууралуу мобилдүү клиниканын медициналык координатору Анара Айткулиева билдирди.

«Алардын көпчүлүгү кан басымы жогорулагандыктан кайрылышты. Мындан сырткары кант диабети менен жабыркагандардын канын алып, анализ чыгарып жатабыз. Лабораториялык анализ менен кандагы кантты карап, клиникалык иликтөө жүргүзүүдөбүз. Суук тийип келгендер, ичи өткөндөр да кайрылып жатат. Дары-дармектер Ысык-Көл облустук ооруканадан акысыз берилген. Бул клиникада ультра үн аппараты болгону үчүн туткак (приступ) болуп келгендердин баардык органдарын, тактап айтканда өт, бөйрөк, боорун текшерип жатабыз.

Бизден сырткары медициналык штабда 16 адис бар. Алар менен келишим түзүлгөн. Алар биринчи жардам беришип, биз анализ жүргүзөбүз. Учурда бизге кайрылгандар көп болууда», - дейт ал.

А.Айткулиеванын айтымында, бул клиника Ысык-Көлдө өткөн баардык иш-чараларда кызмат көрсөтөт. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен кызмат көрсөтүүнү 8-сентябрга чейин улантат. Мындан тышкары ар бир облустун өздөрүнүн медициналык адистери келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×