Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2018 08:32

Көчмөндөр оюндары: 60 жаштагы К.Исаев бийдин бир нече түрүн аткарат (видео)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 60 жаштагы тургуну Каныбек Исаев 37 жылдан бери бий менен алектенет. Ал «Боз Салкын» элдик бий ансамблинин мүчөсү. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Каныбек Исаев 40 жылдык тарыхы бар элдик бий ансамблинде дээрлик 37 жылдан бери бийлеп келет. Ал 60 жашка чыкса да 30 жаштагы бийчилерден кем калбайт. Жубайы — 8 обондуу ырдын автору Гүлзат Кыдырбаева экөө тең аталган ансамблде эмгектенип, кыргыз ыр-бийлерин аткарышат.

4 тилде ырдаган Каныбек Исаев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 20дан ашуун бий бийлейт. Улуттук кийимдерди кийген жубайлар аткарган ар бир чыгармаларынан эргүү алышат. Бири-бирин толуктаган жубайлар кийинки Көчмөндөр оюндарына да катышууга кызыкдар.

Ал эми «Боз Салкын» элдик бий ансамблинин мүчөлөрү 20 түрдүү улуттук кийимдерди кийип чыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×