Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.09.2018 18:01

Көчмөндөр оюндары: Казакстандын командасы 2 жеңиш менен жарым финалга чыкты

Turmush -  Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча бүгүн, 5-сентябрда өткөн мелдеште Казакстандын командасы жарым финалга чыкты.

Казакстандын командасы АКШнын көк бөрүчүлөрүнө каршы ойноп, 20:9 эсебинде жеңишке ээ болду. Мындын бир нече саат мурда казактар Красноярск аймагынын командасын жеңген болчу. Катары менен келген 2 жеңиш Казакстандын командасына жарым финалга чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

Мындан мурда жарым финалга Өзбекстандын командасы чыккандыгы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×