Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.09.2018 08:21 На русском

Көчмөндөр оюндары: Аймактардан чогулган командалар боз үй тигип жарышты (сүрөт, видео)

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Кырчын этношаарчасында боз үйдү ылдам тигүү боюнча сынак өттү. Сынакка өлкө аймактарынан чогулган 18 команда катышканын аймактык кабарчы билдирди.

Жети облустан тышкары Бишкек жана Ош шаарларынан да экиден команда келген. Болжолдуу маалыматтар боюнча, боз үйдү эң ылдам — 8 мүнөт 14 секундда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун командасы тиккен. Андан кийинки орунга боз үйдү 9 мүнөт 14 секундда тиккен Талас облусунун командасы ээ болсо, Кара-Көл шаарынын тайпасы боз үйдү 10 мүнөт 5 секундда тургузду. Ал эми Ош облусунун командасы 11 мүнөт 8 секунд, Жалал-Абад облусунун тайпасы 12 мүнөт 55 секундда тиккен.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын маалыматына караганда, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында аталган сынактын баш байгесин боз үйдү 10 мүнөттө тиккен Чүй облусунун командасы жеңип алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×