Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.09.2018 08:50

Казак-кыргыз төкмө акындарынын айтышы: Баш байге ээлерине 200 миң сомдон берилди (сүрөт)

Turmush -  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын этношаарчасында маданий иш-чаралар улантылып жатат. Кечээ, 5-сентябрда төкмө акындардын айтышы өтүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык менен сыйланышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, XII эл аралык айтышка Казакстан менен Кыргызстандын 16 төкмө акыны катышып, алардын ичинен финалга 8 акын чыккан. Кыргызстандан — Асылбек Маратов, Кубат Тукешов, Азамат Болгонбаев, Баян Акматов, ал эми Казакстандан — Айбек Калиев, Максат Аканов, Биржан Байту, Аспанбек Шугатаев.

Жыйынтыгында 16 катышуучунун баары ардак грамоталар жана 30 миң сом менен сыйланышты. Ал эми баш байгеге 200 миң сом, 1-орунга 150 миң сом, 2-орунга 100 миң сом жана 3-орунга 80 миң сом байге коюлган.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

- Бай байгенин ээлери — Асылбек Маратов, Максат Аканов (Казакстан);
- 1-орун — Айбек Калиев (Казакстан), Баян Акматов;
- 3-орун — Аспанбек Маратов (Казкстан), Кубат Тукешов;
- 4-орун — Биржан Байту (Казкстан), Азамат Болгонбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×