Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.09.2018 09:37 На русском

Көчмөндөр оюндары: Кеминдик тайган эмне үчүн Россиянын атынан чыкты?

Turmush -  Ысык-Көлдө өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кемин районундагы Илич айылынын тургуну Жолдошбек Абдыкалыков өзүнүн Мойнок аттуу тайганын жарышка салып, 3-орунду ээледи. Бирок бул тайганды Россиянын атынан Фошкина Наталья алып чыккан.

Анын себебин Жолдошбек Абдыкалыков Turmush басылмасынын кабарчысына түшүндүрүп берди.

«Бул тайган 3 жашта. 18-мартта Токмокто өткөн мелдеште 1-орунду, андан кийин Чолпон-Атада Жеӊиш күнүндөгү мелдеште 1-орунду алганбыз. III Көчмөндөр оюнуна тандоо тур болуп жатканда өзүбүздүн тайпабыздан 1-орунду алып, финалга даярданып калдык.

Финалда тайганды кармап жүргөн балам жаачылар мелдешип жаткан тарапка басып кетип, мелдеш башталганы калганда чакырып келдик. Ал катарга тизилейин деп жатканда тайгандарга жарышка старт берип салышты. Ошону менен биздин тайган чуркаган жок. Ошентип Көчмөндөр оюнуна биздин өлкөнүн атынан чыкпай, Россиянын атынан чыкты.

Бул мелдеште деле 1-орунду алмак. Мында да бир кызык окуя болду. Тайганым аттын чыргасына жетип, ортодон 1-2 жолу токтоп калды. Ошентип алдыга озуп кеткен арабдардын тайганынан 2-3 секунд артта калды. Жыйынтыгында Мохамед Ал Мансоринин Тезаб аттуу тайганы (Бириккен Араб Эмираттары) 33 секундада келип, 1-орунду ээлесе, Карабаев Мухидиндин Кылжейрен аттуу тайганы (Кыргызстан) 34 секундада келди. Ал эми биздики 35 секундада келип, 3-орунду алды», - деди Ж.Абдыкалыков.

Тайганчы 1972-жылы Чүй облусунун Кемин районунда төрөлгөн.

«Мен бала кезден тайган жана башка ит жандыктарын багып чоӊойдум. Бул тайганга чейин да көптөгөн жакшы тайгандарды бактым. Менин баккан тайгандарым Таласка, Казакстанга чейин кеткен», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×