Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.09.2018 18:20

Көчмөндөр оюндары: Көл өнөрчү Т.Абдиев жасаган ээрлерин 70 миң сомдон сатты (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосундагы этнобазарда кол өнөрчү Талант Абдиев жасаган ээрлерин 70 миң сомдон сатты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Өзүнүн айтымында, 3 жылдан бери ат жабдыктарын жасайт.

«Көбүнчө ээр токум, камчыларды айыл ичине буйрутма менен жасайм. Мындан тышкары депутаттардан жана чет мамлекеттерден буйрутма түшүп турат. Быйыл Көчмөндөр оюндарында этнобазарга жасаган ээрлеримди алып чыгып, анын ичинен 70 миң сомдон эки ээримди саттым.

Керектүү материалдарды Караколдон сатып алам. Сапаттуу болуш үчүн жакшы материалдарды сатып алууга аракет кылам. Негизи бул ээрди жасоодо көп кыйынчылыктар болот жана көп эмгекти талап кылган майда жумуш. Бирок менин жасаган эмгегим бир топ эле акталат», - деди ал.

Талант Абдиев 1989-жылы Түп районунда төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×