Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.09.2018 12:24 На русском

Италиялык туристтер Кырчындагы боз үйгө унуткан жон баштык жолдогу унаадан табылды (видео)

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы милиция кызматкерлери Италиянын жарандарына жоголуп кеткен жон баштыгын кайтарып беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Дэн менен Алесандро III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Италиядан келишкен. Алар Кырчын жайлоосундагы маданий иш-чаралардын акыркы күнүндө этношаарчанын батыш тарабындагы боз үйлөрдүн ички жасалгасын көрүп жүрүп, жон баштыгын унутуп калышкан.

«Алар жон баштыгын эстеп, кайтып келишкенде боз үйдү ээлери жыйнап кетип калышкан. Италиялык жарандар милициянын убактылуу пунктуна кайрылып, кызматкерлер уюштуруучулардан аталган боз үй Токтогул районунун айылдарынын биринин тургунуна таандык болгонун аныкташкан. Милиция кызматкерлери жолдордо нөөмөттө турган кесиптештери менен байланышып, жоголгон баштыкты алып бара жаткан унаа токтотулган. Жон баштык ээсине кайтарылды», - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×