Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.09.2018 12:48

Көчмөндөр оюндары: Ак-талаалык С.Момунбаев ак илбирсти калканга чагылдырды (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 60 жаштагы тургуну Сүйүнаалы Момунбаев ак илбирсти калканга түшүргөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Көчмөндөр оюндарына келердин алдында сыналгыдан көчмөндөрдүн талисманы ак илбирс экенин көрүп, калканга илбирстин башын 15 күндүн ичинде түшүрүп, найза, кылычы менен жасап жаткам. Бул кылыч менен найзасы бүтпөй калды. Бирок талисман түшүрүлгөн калканды, найза, кылычын 500 долларга баалап жатам. Ошондой эле буйрутма менен Ак-Талаа, Нарын, Кочкор райондорунун акимдерине жана театрдын актерлоруна кемер курларды жасап бердим», - деди уста.

С.Момунбаев бала кезинен бери устачылык менен алектенип келет. Ал быйылкы жылы 3-жолу Көчмөндөр оюндарына катышууда. Эми IV Көчмөндөр оюндарына дагы барууну пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×