Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.09.2018 23:41

Көчмөндөр оюндары: Ат менен кызмат көрсөткөн К.Жыргалбаев 20 миң сом киреше тапты (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну Кубатбек Жыргалбаев Кырчындагы этношаарчада жергиликтүү жана чет элдик конокторду ат менен сейилдетип, киреше тапты. Ал Манголчик, Карагер жана Тору аттуу аттарды алып келген.

Кубатбек ат менен 5 мүнөт сейилдегендерден 100 сомдон алды.

«Ат менен сейилдөөнүн бир мүнөтү 20 сомго бааланды. Көбүнчө чет элдик конокторго кызмат көрсөтүп жаттык. Алар үчүн ат минүү абдан кызыктуу болду, арасында атты биринчи жолу көргөндөр да бар экен», - деди ал.

Кубатбек Кырчын этношаарчасы ачылгандан баштап кечээ түшкө чейин 20 миң сом чогулткан. Ал иштеп тапкан акчасына мол түшүм берген картошка сатып алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×