Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.09.2018 17:36 На русском

Сания Шакированын өлүмү: Сот отуруму башка күнгө жылдырылды

Turmush -  Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл райондук сотунда Вьетнамдагы эл аралык сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын өлүмү боюнча сот отуруму болгон жок. Күзөтчү соттолуучуну Каракол шаарындагы №3 СИЗО мекемесинен алып келбегени үчүн отурум 12-сентябрга жылдырылды.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Ысык-Көл облусундагы баардык убактылуу кармоочу жайлар жана СИЗО мекемелери III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жабылган.

Буга чейин 30-августта Ысык-Көл райондук сотунда Вьетнамдагы Miss Universe Beauty сынагын жеңип келген Сания Шакированын өлүмү боюнча үчүнчү соттук отурум өткөн.

Жол-транспорт кырсыгынан кыйылган өмүргө байланыштуу козголгон ишти судья Айнура Шаршенбиева карап баштаган. Ал эми мурунку судья декреттик өргүүгө кеткени маалымдалган.

Жолдун жээгиндеги көрүстөндүн тосмосун сүзүп талкаланган унаанын айдоочусу К.Ч. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 281-берененин 1-2-4-5-бөлүмдөрү (транспорт каражатын колдонуудагы коопсуздук эрежесин бузуу) менен айыпталып жатат. Ал транспорт кырсыгына байланышту күнөөсүн мойнуна алганы менен, окуя болгон учурда спирт ичимдигин ичкен абалда болгонун жана ал жерден качып кеткенин мойнуна алган эмес.

Бул отурумда мамлекеттик айыптоочу Улук Акматов шектүүгө карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагынан убактылуу абакка камакка алууну сунуштады. Ал эми айыпталуучу К.Ч. отурумда 1987-жылы төрөлгөнү, үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы, жогорку билимдүү экени жана Бишкек шаарында жашап, убактылуу эч жерде иштебей турганы айтылган.

Өзүнүн айтымында, 2016-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал эми маркум С.Шакированын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Рустам Абдурауфов айыпталуучу мас абалда унаа башкарып чыкканын, анын унаа айдаганга укугу да болбогонун айткан.

Айыпталуучунун жактоочусу Болот Асанбаев мурунку кылмыш иши учурдагы материалга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген.

«Кылмыш иш (2016-жылдагы) тергөөдө токтотулган жана анда (айыпталуучу Ч.К.) соттуулук жок. Ал унааны мас абалда башкарып жүргөнү айтылып жатат. Бирок муну далилдеп беришиңиздер керек. Сот процесси жаңы гана башталып жатат», - деди жактоочу. Ал судьядан үй камагындагы баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырууну суранган.

Буга чейин Ысык-Көл райондук соту 2018-жылдын 7-июнундагы чечими менен шектүү К.Ч.ны эки айга камакта калтырган. Ал эми Ысык-Көл облустук соту 2018-жылдын 27-июлунда шектүүнүн баш коргоо чарасын 2018-жылдын 3-августуна чейин үй камагына чыгарууга өзгөрткөн.

Судья А.Шаршенбиева доо арызды карап чыгып, шектүүнүн баш коргоо чарасын Каракол шаарынын №3 СИЗОсуна камакка алууга өзгөрткөн. Шектүү сот залынан камакка алынган.

Окуя тууралуу

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалды.

Андан көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Сания Шакирова экени такталды.

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болду.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, талкаланган унааны ИИМдин Адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысынын уулу башкарып бара жаткан. Айдоочунун атасы — милициянын полковниги, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринен талапкер болуп катталган.

Ал эми, унааны башкарып жүргөн 31 жаштагы К.Ч. ИИМдин атайын мектебинин курсанты болуп, кийин Адистештирилген күзөт кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн биринде эмгектенген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакунов айдоочу учурда милиция кызматкери эмес, деп билдирди. Анын айтымында, көрсөтмө берген учурда айдоочу убактылуу эч жерде иштебей турганын айткан.

«Айдоочу — 1987-жылы туулган К.Ч. милиция кызматкери деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Биз бул маалыматтарды дагы бир ирет текшерип чыктык. Айдоочу милиция кызматкери эмес», - деген С.Усубакунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×