Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.09.2018 18:07 Жаңыланды: 07.09.2018 18:30 На русском

Сүрөт — Филиппинден Көчмөндөр оюндарына жалгыз өкүл келди

Turmush -  Филиппин Республикасынын атынан III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жалгыз өкүл катышып жатат. Ронильдо Палмера ачылыш аземде өлкөсүнүн желегин сыймыктануу менен жалгыз көтөрүп чыккан.

Ронильдо Палмер тууралуу социалдык тармакка жарыялангандан кийин көпчүлүккө тарап, ал тууралуу мекениндеги бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыккан. Ал тууралуу билдирүү коомчулуктун көңүлүн буруп, социалдык тармакта 15 миң адам бөлүшүп, 18 миң жолу жактыруу белгиси басылган. Филиппиндиктер Палмердин демилгесине суктанып, эгер Филиппиндин өкмөтү ага каржылык жардам бербесе, өздөрү акча чогулта турганын жазышты. Ошондой эле акча каражатты чогултуу үчүн фонд түзүүнү да сунуштагандар болгон.

Палмера маегинде Көчмөндөр оюндарына жеңиш үчүн эмес, филиппиндердин салттуу сунке оюнуна эл аралык деңгээлде көңүл бурдуруу максатында келгенин айткан.

Ронильдо Палмер учурда Ысык-Көлдө өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча турнирге катышып жатат. Ал АКИpress агенттигине берген маегинде мекендештерине ыраазычылык билдирип, Көчмөндөр оюндарына өлкөсүнүн атынан катышуу чоң сыймык экенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×