Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.09.2018 11:26

Көчмөндөр оюндары: Кол өнөрчү Айнагүл Асанбекова 350 миң сомдук боз үйлөрдү жасайт

Turmush -  III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Ысык-Көлдүн кол өнөрчү кызы Айнагүл Асанбекова да активдүү катышты. Ал боз үйлөр менен атагы чыккан Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында 1960-жылы төрөлгөн. Ал эми кол өнөрчүлүк менен алектенгенине 34-35 жылдын жүзү болгонун кабарчыга айтып берди.

III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дагы өзүнүн жасаган эмгектерин алып келген.

«Мен бул Көчмөндөр оюндарына оюулар түшүрүлгөн чакан шырдактарды алып чыктым. Жалпысынан 30 миң сомдой киреше таптым. Шырдактан тышкары боз үй жасап, аларды чоң-кичинесине карап баалайм. 100 баш боз үйлөрдү баардык жасалгасы менен 350 миң сомдон сатам. Көбүнчө чет жерден келген туристтер боз үйдүн кандай жасалганын көрөбүз деп үйгө келишет. Көпчүлүгү кызыгып, сатып алып кетишет. Мындан тышкары айыл ичинде буйрутма бергендер болот», - деди кол өнөрчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×