Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.09.2018 09:34

Көчмөндөр оюндары: Ала кийиз сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  5-сентябрда Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосунда 7 дубандын кол өнөрчүлөрүнүн эң мыктылары тандалып, өнөр таймашы болуп өткөн. Бул таймашта кол өнөрчүлөр ала кийиздин жасалышын көрсөтүп беришти.

Буга чейин кол өнөрчүлөргө ала кийизге узуну 3 метр, туурасы 1,5 метрден кем эмес болгон Көчмөндөрдүн эмблемасын жана «Көчмөндөр-2018» деген жазууну түшүрүү тапшырмасы берилген.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду «Тогуз-Торо» жаштар бирикмеси, 2-орунду Талас облусу менен Нарын облусу, 3-орунду Жалал-Абад облусу, «Сары-Өзөн» коомдук фонду жана Ош шаары алды. Ал эми кызыктыруучу сыйлыктарга Чүй, Ош, Ысык-Көл облустары, Бишкек шаарынын өкүлдөрү жана «Апалардан алтын сабак» коомдук уюму татыды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×