Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.09.2018 13:37

Айыл турмушу: Т.Маматалиевдин жыгачтан жасалган этностилдеги идиштери 20 000 сомдон бааланууда (сүрөт)

Turmush -  Ысык-көлдүк Талантбек Маматалиев 4-5 жылдан бери жыгачка оюу түшүрүп, ар түрдүү идиш-аяктарды жасап, айыл ичине жана чет жерлерге сатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал Ысык-Көл районундагы Кароол-Дөбө айылында туулган.

«Мен бул этностилдеги идиштерди жасап баштаганыма болгону 4-5 жыл болду. Ага чейин жыгачтан кыргыз ээрлерин чаап иштечүмүн. Эми кыргыз ээр чапкан усталар көп болгондуктан, идиш-аяк жагына өтүп кеттим. Бул идиш-аякты жасоого мага Тарых жана маданият жылы көбүрөөк түрткү болду десем болот. Көбүнчө айыл ичинен буйрутма беришет. Ошондой эле менин жасаган идиштерим Германия, Казакстанга чейин сатылат. Негизи буйрутма менен иштейм.

Көпчүлүк адамдар атайын станок менен жасайт деп ойлошот. Бирок мен кадимки эле ээр чапкандай эле керки менен чаап, оймолорун дагы колго оюп жасайм. Ал эми идиштин сапаты жакшы болуш үчүн кымбат баалуу жаңгак жана кара жыгачты колдоном. Жасаган идиштердин баасы 700 сомдон баштап 20 миң сомго чейин. Мисалы бир комплектиси 5000 сом, нан салган табактар 3000 сом болсо, кымыз куйган идиштин 12 чынысы, чөмүчү менен 20 миң сом болот», - деди ал.

Талантбек Маматалиев жубайы экөө 3 уул, 1 кызды тарбиялап жатышат. Жубайы үй иштери менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×