Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.09.2018 15:09

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көл ордосу багындырган ийгиликтер (фото)

Turmush -  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Ысык-Көл ордосу бир нече ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Көл ордосунун башкы режиссёру Алик Асанов маалымдады.

Анын айтымында, Көчмөндөр оюндарында Ысык-Көл ордосуна 140тан ашуун боз үй тигилип, 3-8-сентябрга чейин Кырчын этношаарчасында маданий иш-чаралар өткөрүлдү. 6-сентябрда чыгарылган жыйынтыкка караганда, боз үй тигүү боюнча сынакта 7 мүнөттөн ашуун убакытта боз үй тиккен ысык-көлдүктөр Ош облусу менен бирге биринчиликке чыкса, каада-салттарды көргөзүү боюнча 2-орунду ээледи.

«Ысык-Көл ордосунда чет өлкөлөрдөн келген эс алуучулар арбын болду. Иш-чаралар ордодо түнкү саат 12:00гө чейин өткөрүлүп, 3000 конок тосулду», - деди Ысык-Көл ордосунун режиссёру.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×