Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.09.2018 15:43

Ысык-Көлдө селкинчектен кулап, колун сындырган 8 жаштагы кыз каза болду

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова (КСДП) саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден Ысык-Көл облусунда колу сынгандан кийин каза болгон 8 жаштагы кыздын өлүмү боюнча маселени териштирүүнү өтүндү. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 3-сентябрда кыз селкинчектен кулап, колун сырдырып алган. Дарыгерге кызды экинчи күнү алып барышкан.

«Аны Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага алып келишкен. Рентгенден тарттырышып, гипс коюшкан соң, 5 күндөн кийин алып келгиле деп үйүнө жөнөтүшкөн. Бирок бир нече күндөн кийин кыздын колу шишип, көгөрө баштаган. Мен аларга бардым. Алар мага эгерде кулагандан кийин сынса анда инфекция болорун айтышты. Эгерде колун ошол бойдон катуу таңып салышса анда шишик жана ириң пайда болорун айтышты. Кечээ кыздын колун кесишти, саат 12:00дө анын абалы туруктуу деп айтып жатышкан. Бирок эртең менен ал каза болуп калды. Менимче бул жерде дарыгерлердин шалаакылыгы бар. Аны ооруканага жаткырып, 5 күндөн кийин эмес бир күн өткөн соң текшерүүгө алып келүү керек болчу», - деди ал.

Ал эми министр К.Чолпонбаев бул маселе боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди.

«Эгерде дарыгерлердин күнөөсү далилденсе, алар жазаланат. Кыздын ата-энесинен кечирим сурайм жана көңүл айтам», - деди министр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×