Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.09.2018 16:20

Көчмөндөр оюндары: Тал аарчу таймашында кайсы облус канчанчы орунду багындырды? (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Кырчын жайлоосунда өткөн III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 9 баскычтуу «Көчмөндөр жаңырыгы» сынагындагы тал аарчу таймашында 1-орунду Ысык-Көл облусунун Тоң районунун шамдагайлары багындырышты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, ар бир облустан эки-үчтөн катышуучу чыгып күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду Тоң районунун шамдагайлары, 2-орунду Ош шаары жана «Кийиз дүйнө» коому алса, 3-орунга Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Каракол шаарынын шамдагайлары татыктуу болушту.

Таймаштын жобосуна ылайык, талды ыкчам жана таза аарчу талабы коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×