Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.09.2018 13:00

Көчмөндөр оюндары: Кол өнөрчү К.Дүйшөнбиев камчы өрүүдөн 2-орунду алып, 10 000 сом менен сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Кубаныч Дүйшөнбиев Ысык-Көл районундагы Кырчын жайлоосунда өткөн III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 9 баскычтуу «Көчмөндөр жаңырыгы» сынагында камчы өрүү таймашынан 2-орунду алып, 10 000 сом менен сыйланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кубаныч Дүйшөнбиев 1977-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 20 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет.

«Мен кол өнөрчүлүк менен алектенгениме 20 жыл болуп калды. Ар түрдүү азем белектерди, булгаарыдан сумкаларды жана камчыларды, ат жабдыктарды жасайм. Көбүнчө буйрутма менен иштейм. Сумкалардын баасы 5-6 миң сомго чейин, ал эми камчылардын баасы 1000 сомдон баштап 5 миң сомго чейин болот. Чет жерден дагы буйрутма беришет.

Азыркы учурда голландиялык дизайнер менен иштешип жатам. Ал мага өзү чиймесин түзүп берет, мен даярдап берем. Андан соң Европага алып барып сатат», - деди ал.

Кубаныч Дүйшөнбиев Көчмөндөр оюндарына биринчи жолу катышканын кошумчалады.

«Мен Көчмөндөргө биринчи жолу катыштым. Чүй облусунун атынан камчы өрүү сынагына катышып, 2-орунга ээ болуп, 10 миң сом акчалай сыйлык алдым. Чүй облустук мамадминистрациясынан "Бул сынакка катышып бербейсизби" деп издеп келип калышты. Камчы өрүүнү айылда окуп жүргөн кезде эле баштагам. Кийин Сүймөнкул Чокморов атындагы көл өнөрчүлүк окуу жайынан дагы билим алдым», - деди ал.

Кол өнөрчү жубайы менен бирге 3 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×