Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.09.2018 15:49

Көчмөндөр оюндары: 135 кг салмактагы Р.Тюлегенов командасы менен чогуу аркан тартышта алтын тагынды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 42 жаштагы тургуну Руслан Тюлегенов аркан тартыш боюнча 6 жолу алтын медаль менен сыйланган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Руслан Тюлегенов Көчмөндөр оюндарында командасы менен чогуу аркан тартыштан 1-орунду багындырган.

«Менин фамилиям эмнеге Тюлегенов болуп калган? Союз учурунда "ө" деген тамганын ордуна "ю" деп жазышып, Тюлегенов болуп калгам. А, чынында Төлөгөнов болушум керек эле. Атам өмүр бою жайлоодо жылкы бакты. Бала кезден ошол абасы таза жайлоодо эртели-кеч сүт жана кымыз ичип чоӊойдум. Мектеп куракта дзюдо менен машыкчумун. 9-классты бүткөндөн кийин союз тарап кетти. Мал караганга киши жок, окууну да, дзюдону да таштап, мал багып калгам. Бирок ортодо улак тартышка катышып, аркан да тартышып жүрдүм. 9-класстан бери эч бир залга барып, спорт менен машыга элекмин. Өзүмдүн кара күчүм менен мелдештерге барып катышып жатам.

Аркан тартыш боюнча эл аралык Ысык-Көл оюндарында 6 жолу алтын медаль утуп, Ысык-Көл облусунда эркин күрөш боюнча алтын медаль алгам. Бул жолу Көчмөндөр оюндарында тайпабыз менен алтын алып, Кыргызстандын эсебине бир медаль коштук. Ирандыктар аябай чоӊ экен. Бирөөсүнүн бою 2 метр 18 см, салмагы 160 кг экен. Калгандары деле оӊой-олтоӊ эмес. Бирок ага карабай, арканды тез эле тартып койдук», - деди ал.

Руслан Тюлегенов бала кезинде чакага башын салып, кымыз ичкенди жактырчу.

«Канча тонна жүктү тартарымды текшерип көргөн эмесмин. Трактор, жүк ташуучу унааларды жалгыз түртүп салабыз. Азыр автомат унаа айдап калдык да. Мурда "Нива" айдап жүргөндө от албай калса, жалгыз эле түртүп алчумун. Өзүмдүн салмагым 135 кг болсо, боюм 183 см. Бала кезден сүт менен чоӊойдум. Атамдар бээ саап, план аткарчу. Мен чакадагы кымызды идиш-аяк менен ичкенди жаман көрүп, чакага башымды салып иччүмүн. Кымызды жакшы ичем, бирок тамакты жакшы иче албайм. Конокко барганда бир аз эле ичип отуруп калсам, баары таӊ кала беришет. Жумуш болуп калганда бир күн кечке деле ачка жүрө берем.

Балбандык бул менин канымда бар. Ата-тегим балбан кишилер болгон. Кудайым буюрса, жаш балдарга аркан тартышты үйрөтөм. Мунун да ыкмалары бар. Көчмөндөрдө аркан тартышка 4 мамлекет катышты. Кыргызстан, Казакстан, Пакистан, Ирактын өкүлдөрү болду», - деди ал.

Руслан Тюлегенов 1976-жылы Кара-Ой айылында төрөлгөн.

«Өзүм үй-бүлөлүмүн. 2 эркек, 4 кыз, 2 жээн неберелерим бар. Бир кызым Тоолуу Алтайда окуйт. Күйөө балам ошол жакта тиш доктур болуп иштейт. Экинчи уулум Пензада окуйт. Экөө теӊ бекер билим алышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×