Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.09.2018 17:23 На русском

Фото, видео — Ысык-Көлдө колу сынгандан кийин каза болгон 8 жаштагы Мединанын чоң энеси окуя тууралуу айтып берди

Turmush -  Ысык-Көл районунда колу сынып каза болгон 8 жаштагы кыз Григорьев айылынын тургуну Медина Каныбекова экени такталды. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова (КСДП) саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден Ысык-Көл облусунда колу сынгандан кийин каза болгон 8 жаштагы кыздын өлүмү боюнча маселени териштирүүнү өтүнгөн.

Депутаттын айтымында, 3-сентябрда маркум кыз селкинчектен кулап, колун сырдырып алган.

«Аны Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага алып келишкен. Рентгенден тарттырышып, гипс коюшкан соң, 5 күндөн кийин алып келгиле деп үйүнө жөнөтүшкөн. Бирок бир нече күндөн кийин кыздын колу шишип, көгөрө баштаган. Мен аларга бардым. Алар мага эгерде кулагандан кийин сынса анда инфекция болорун айтышты. Эгерде колун ошол бойдон катуу таңып салышса анда шишик жана ириң пайда болорун айтышты. Кечээ кыздын колун кесишти, саат 12:00дө анын абалы туруктуу деп айтып жатышкан. Бирок эртең менен ал каза болуп калды. Менимче бул жерде дарыгерлердин шалаакылыгы бар. Аны ооруканага жаткырып, 5 күндөн кийин эмес, бир күн өткөн соң текшерүүгө алып келүү керек болчу», - деген депутат.

Ал эми министр К.Чолпонбаев бул маселе боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн билдирген.

«Эгерде дарыгерлердин күнөөсү далилденсе, алар жазаланат. Кыздын ата-энесинен кечирим сурайм жана көңүл айтам», - деп жооп берген министр.

Ал эми Turmush басылмасына Мединанын чоң энеси Чынаргүл Момбекова билдиргендей, кыздын атасы — Каныбек Момбеков, апасы — Нурсулуу Жумабаева. Анын 4 небереси бар: бир эркек, үч кыз. Кыздын ата-энеси Москвада иштеп жүрүшкөн. Медина бир туугандары менен анын колунда жашап жатышкан. Бул жылы чоң энеси Мединага мектепке кийген формасын сатып берип, 2-класска жиберген. 3-сентябрда Медина өзүнүн бир тууганы менен көчөдө ойноп жүрүп, таштан кулап кеткен. Кийин чоң энесине чуркап келип, колу ооруп жатканын айткан. Ал небересинин колун карап, сол колу бир аз шишип калганын байкаган. Аны йод менен тазалап, бинт менен таңып койгон.

«Ошол күн 3-сентябрь болчу. Бизде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болуп жаткан. Жолдордун баары жабык, унаалар жок болчу. Эмне кыларымды дагы билбей калдым. Колу чоюлуп калган экен деп ойлодум. Эртеси 4-сентябрда аны дарыгерге алып баралы деп жатканбыз. Ошентип 5-сентябрь болуп кетти. Бир нерсе болуп жатканын сезгем. Үйгө Мединанын атасынын аталаш бир тууганы Жаныбек келип калды, ал Мединаны рентген аппараты бар Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирип берүүнү сунуштады. Эртең менен неберемди ооруканага алып бардык, ал жерден гипс салышты», - дейт ал.

Колунун көгөргөндүгүн 8 жаштагы Медина байкап, чоң энесине айткан. Андан кийин алар Ананьев айылындагы ооруканага барышкан. Айылдык оорукананын дарыгерлери буга чейин салынган гипсти алышып, ордуна жаңысын салышкан. Алар кайра үйүнө кетишкен.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин кайра Ананьев айылындагы ооруканага келишкен. Ал жактан кыздын колу ириңдеп (гангрена) кеткенин айтышкан.

Медина 8-сентябрда Бишкек шаарындагы Эне жана балдарды коргоо улуттук борборуна жеткирилген. 9-сентябрда дарыгерлер ага операция жасап, колун ампутация кылышкан.

Дарыгерлердин айтымында, кыздын организми операцияны көтөрө алган эмес.

Мединаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-сентябрда өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×