Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.09.2018 13:13 На русском

Сания Шакированын өлүмү: Прокурор 3 балалуу эненин өлүмүнө шектүүнү 13 жылга кесүүнү суранды

Turmush -  Ысык-Көл райондук сотунда бүгүн, 13-сентябрда 2018-жылы Вьетнамдагы сулуулар сынагынын жеңүүчүсү жана жеке ишкер Сания Шакированын өлүмү боюнча сот отуруму өтүп жатат. Мурунку судья декреттик өргүүгө чыкканына байланыштуу ишти судья Айнура Шаршенбиева карап баштаганы маалымдалган.

Жолдун жээгиндеги көрүстөндүн тосмосун сүзүп талкаланган унаанын айдоочусу К.Ч. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 281-берененин 1-2-4-5-бөлүмдөрү (транспорт каражатын колдонуудагы коопсуздук эрежесин бузуу) менен айыпталып жатат. Ал транспорт кырсыгына байланыштуу күнөөсүн мойнуна алганы менен, окуя болгон учурда спирт ичимдигин ичкен абалда болгонун жана ал жерден качып кеткенин мойнуна алган эмес.

Бүгүнкү отурум прокурор кечиккенине байланыштуу өз убагында башталган жок. Отурумда Ысык-Көл районунун прокурору Улукбек Узакбаев айыпталуучуну 13 жылга эркинен ажыратууну суранган.

«Айыпталуучу күнөөнү мойнуна албаганы кылмыш кылууда анын күнөөсү жок экенин аныктоого таасир бербейт», - деди прокурор.

Буга чейин Ысык-Көл райондук соту 2018-жылдын 7-июнундагы чечими менен шектүү К.Ч.ны эки айга камакта калтырган. Ал эми Ысык-Көл облустук соту 2018-жылдын 27-июлунда шектүүнүн баш коргоо чарасын 2018-жылдын 3-августуна чейин үй камагына чыгарууга өзгөрткөн болчу.

Судья А.Шаршенбиева 30-августтагы отурумда доо арызды карап чыгып, шектүүнүн баш коргоо чарасын Каракол шаарынын №3 СИЗОсуна камакка алууга өзгөрттү. Шектүү сот залынан камакка алынган.

Прокурор 12-сентябрдагы отурумда: «Шектүүнүн күнөөсү толугу менен далилденди жана жол кырсык болгон жерден кетип калганын четке кагуусу максималдуу жазадан качуу катары гана эсептелинет. К.Чыңгыз буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылганын, ошондой эле жабырлануучу тараптын ой-пикирин да эске алуу зарыл. Алар К.Чыңгыз маркумдун балдарына моралдык-материалдык чыгымды төлөбөй, жардам берүүгө аракет жасабай жана алардын кайгысын бөлүшпөй койгону үчүн катуу жаза талап кылышууда. Буга байланыштуу К.Чыңгызды КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 281-берененин 2-4-5-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп таап, 281-берененин 2-4-бөлүгү боюнча 3 жыл транспорт каражатын башкарууга тыюу салуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранабыз. Кылмыш-жаза кодексиндеги 281-берененин 5-бөлүмү боюнча 3 жыл транспорт каржатын башкарууга тыюу салуу менен 5 жылга эркинен ажыратууну суранабыз. Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде кылмыштарды кошуу жолу менен 3 жылга транспорт каражатын башкарууга тыюу салуу жана жазаны жатак абакта өтөө менен 13 жылга эркинен ажыратууну өтүнөбүз», - деп белгилеп, жабырлануучу тараптын доосун канааттандырууну суранды.

Отурумда маркумдун апасы Насипа Мамбеталиева жашын токтото албай, судьяга кайрылды.

«Өзүңүздү менин ордума коюп көрсөңүз. Баласын жоготуу деген эмне?! Ал (Сания Шакирова) 17 жашынан тарта иштеген, ийгиликтүү болчу. Ал баардыгын балдары үчүн жасап жаткан. Ушул жылы гана чет өлкөгө чыгууга мүмкүн болуп, Францияга барган. Жаңы гана гүлдөп баштаганда ушундай болду...

Азыркыга чейин айдоочу эмне үчүн саатына 150 чакырым менен бара жатканына түшүнбөйм. Ал мас да болгон. Ага (айдоочу) дагы боорум ооруйт, жаш… Жаш балдар жабыркап жатат.

Сания Шакирова 50 адамды жумуш менен камсыздап, 100дөн ашуун окуучуларын чыгарган. Бишкектеги салондордун (сулуулук салондору) баардыгы жабылды», - деди Н.Мамбеталиева.

Бүгүнкү отурумда шектүүгө карата өкүм чыгарылат деп күтүлүп жатат.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалды.

Андан көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну, 3 баланын энеси Сания Шакирова экени такталды.

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке кеткен. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болду.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, талкаланган унааны ИИМдин Адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысынын уулу башкарып бара жаткан. Айдоочунун атасы — милициянын полковниги, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринен талапкер болуп каталган.

Ал эми, унааны башкарып жүргөн 31 жаштагы К.Ч. ИИМдин атайын мектебинин курсанты болуп, кийин Адистештирилген күзөт кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн биринде эмгектенген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакунов айдоочу учурда милиция кызматкери эмес, деп билдирди. Анын айтымында, көрсөтмө берген учурда айдоочу убактылуу эч жерде иштебей турганын айткан.

Сот отуруму учурундагы көрсөтмөсүндө шектүү 3 баласы бар экенин жана жубайы менен жарашканын да айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×