Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.09.2018 14:09 На русском

Мээримдин 3D форматында тарткан сүрөттөрүн европалыктар да сатып алышат (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында жашаган жаш сүрөтчү Мээрим Асаналикова эки жыл мурун 3D форматында сүрөт тартып баштаган. Ал Turmush басылмасына билдиргендей, кесиби боюнча сүрөтчү.

«Чыгармачыл адамдар жаңы нерсе менен алектенгенге умтулушат. Бир жолу үйдө отуруп, кыргыз улуттук кийим кийген кыргыз кызынын сүрөтүн тарттым. Бирок ал сүрөткө дагы бир нерсе жетишпей жаткандай сезилди. Анан өзүмдүн сөйкөлөрүмдүн бирин алып чыгып, жанына коюп көрсөм куп эле жарашып калды», - дейт Мээрим.

Ошондой эле ал эргүү ага кечкисин келерин белгиледи.

«Сүрөт тартуу үчүн убакыт жана эргүү керек. Сүрөтчү жөн гана отуруп, оңой эле тартып коё албайт. Өзүмдү абдан мыкты сүрөтчү дебесем дагы башкалардан айырмаланган автордук иштерди жасаганга аракет кылам. Азыр менин сүрөттөрүм популярдуу болуп жатат. Көбүнчө жаш кыздар же жигиттер кайрылышат, алар сүйүктүүлөрүнө өзгөчө белек кылууну жакшы көрүшөт. Менин 3D форматында тартылган сүрөттөрүмдү учурда европалыктар дагы сатып алышууда», - дейт Мээрим.

Сүрөтчү өзүнүн эмгектерин 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин баалайт. Мындан тышкары, Мээрим шаардагы ресторандардын имараттарына сүрөттөрдү тартып келет.

«Мындай эмгектер үчүн көп убакыт талап кылынат. Бирок жасаган ишиң өзүңө жакса, анда бул иштен чоң рахат алса болот. Кезектеги ишти аяктагандан кийин абдан сүйүнөм. Ал бир эле адамга эмес, жүздөгөн адамдарга жагышы мүмкүн», - деди Мээрим.

Өзүнүн эмгектерин ал Көчмөндөр оюндары өткөн Кырчын жайлоосуна дагы алып барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×