Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.09.2018 15:54 На русском

Сания Шакированын өлүмү: Сот айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратты (видео)

Turmush -  Ысык-Көл райондук соту Вьетнамдагы сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Чынгыз Кондубаевди транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан 3 жылга ажыратуу менен 10 жылга камакка алуу чечимин чыгарды. Мындай өкүмдү 13-сентябрда судья Айнура Шаршенбиева окуду.

Кылмыш иштин материалын карап чыгып, Бишкек шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Ч.Кондурбаевди сот КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 181-бернесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, унаа айдоо укугунан 3 жылга ажыратып, аны 9 жылга кести. Ошондой эле, аны КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 5-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, унаа башкаруу укугунан 3 жылга ажыратып, 7 жылга кести.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 29-беренесине ылайык, сот акыркы жаза катары аны 10 жылга эркинен ажыратып, транспорттук каражаттарды айдоо укугунан 3 жылга ажыратты.

Жаза мөөнөтү 2018-жылдын 6-июнунан тарта эсептелет. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча Ч.Кондубаевдин камакка алыныуусун 2018-жылдын 6-июнунан 27-июнуна чейин, ошондой эле, чечим күчүнө киргенге чейинки тактап айтканда 30-августка чейин камакта болгон ар бир күнүн 3 күн катары эсептөө каралды. Ошондой эле, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 61-беренесинин 3-бөлүмү боюнча Ч.Кондубаевдин үй камагында болгон 2018-жылдын 27-июнунан 30-августуна чейинки күндөрүн эки күндү камакта жаза мөөнөтүн өтөөдө бир күн катары эсептөө каралды.

Ч.Кондурбаевдин баш коргоо чарасы камакта калтыруу бойдон калтырылды.

Мындан тышкары, Насипа Мамбеталиеванын моралдык зыянды өндүрүп алуу жарандык доосун судья жарым-жартылай канааттандырып, ага келтирген моралдык зыян үчүн Ч.Кондурбаевден 2 млн сом төлөтүү чечимин кабыл алды.

Өкүмдүн үстүнөн 10 күндүн ичинде Ысык-Көл облустук сотуна даттанууга болот.

Окуя тууралуу

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалды.

Андан көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Сания Шакирова экени такталды.

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болду.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×