Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.09.2018 17:22 Жаңыланды: 13.09.2018 18:49 На русском

Сания Шакированын өлүмү: Айыпталуучунун сотто айткан акыркы сөзү (видео)

Turmush -  Вьетнамдагы сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Чыңгыз Кондубаевге 13-сентябрда Ысык-Көл райондук сотунда сөз берилди.

Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 181-беренесинин 4-бөлүмү боюнча күнөөсүн мойнуна аларын, ал эми 281-берененин 5-бөлүмү боюнча күнөөсүн мойнуна албай турганын айтып, жол кырсык болгон жерден кетип калбаганын жана аягына чейин ошол жерде болгонун билдирди.

«Мен шок абалда болчумун жана жакшы дарылануу үчүн Бишкек шаарына кеткем. Бул жактагы [Ысык-Көл облусу] ооруканалар анча эмес экенин уккам. Жакында эле кичинекей кыздын колу сынып, аны таңып беришкенден кийин 4 күн өткөн соң каза болуп калды. Бирок мындай болуп кетерин эч ким каалаган эмес да.

Жол кырсык боюнча дагы мындай болушун эч ким каалаган эмес. Силерден дагы бир жолу [С.Шакированын апасы Насипа Мамбеталиевага кайрылып] кечирим сурайм. Насипа эже менен сүйлөшкөм, мен ооруканада жатканда бир нече жолу чалгам. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына бара алган жокмун, анткени камакта болчумун. Андан кийин Таластан менин бир туугандарым барышкан. Ата-энем барган, апам эки-үч жолу барды. Балдарга банктан эсеп ачуу сунушталган, бирок сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок. Жазамды өтөөгө даярмын», - деди Чыңгыз.

Ысык-Көл райондук соту 13-сентябрда Сания Шакированын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Чыңгыз Кондубаевди транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан 3 жылга ажыратуу менен 10 жылга камакка алуу чечимин чыгарды.

Кылмыш иштин материалын карап чыгып, Бишкек шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Ч.Кондурбаевди сот КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 181-бернесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, унаа айдоо укугунан 3 жылга ажыратып, аны 9 жылга кести. Ошондой эле аны КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 5-бөлүмү менен күнөөлүү деп таап, унаа башкаруу укугунан 3 жылга ажыратып, 7 жылга кести.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 29-беренесине ылайык, сот акыркы жаза катары аны 10 жылга эркинен ажыратып, транспорттук каражаттарды айдоо укугунан 3 жылга ажыратты.

Мындан тышкары Насипа Мамбеталиеванын моралдык зыянды өндүрүү тууралуу доосун судья жарым-жартылай канааттандырып, ага келтирген моралдык зыян үчүн Ч.Кондурбаевден 2 млн сом төлөтүү чечимин кабыл алды.

Өкүмдүн үстүнөн 10 күндүн ичинде Ысык-Көл облустук сотуна даттанууга болот.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалды.

Андан көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну, 3 баланын энеси Сания Шакирова экени такталды.

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке кеткен. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болду.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, талкаланган унааны ИИМдин Адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысынын уулу башкарып бара жаткан. Айдоочунун атасы — милициянын полковниги, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринен талапкер болуп каталган.

Ал эми, унааны башкарып жүргөн 31 жаштагы К.Ч. ИИМдин атайын мектебинин курсанты болуп, кийин Адистештирилген күзөт кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн биринде эмгектенген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакунов айдоочу учурда милиция кызматкери эмес, деп билдирди. Анын айтымында, көрсөтмө берген учурда айдоочу убактылуу эч жерде иштебей турганын айткан.

Сот отуруму учурундагы көрсөтмөсүндө шектүү 3 баласы бар экенин жана жубайы менен жарашканын да айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×